Бишкек, 15.05.26. /Кабар/. Бишкек мэриясы муниципалдык менчиктеги унааларды сатуу боюнча аукцион жарыялады.
Маалыматка ылайык, 157 лоттон турган аукцион 15-июнда саат 14:00дө Чүй проспектиси, 168 дарегинде башталат. Арыздар 10-июнга чейин кабыл алынат.
Ачык аукционго катышуу укугуна ээ болуу үчүн талапкер Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына лоттун номерин көрсөтүү менен жазуу жүзүндө арыз, өздүгүн тастыктаган документ жана кепилдик төгүмдүн төлөнгөндүгүн тастыктаган төлөм документтерин (баштапкы сумманын 10%ы өлчөмүндөгү кепилдик) тапшырат.
Суроолор боюнча Чүй проспектиси, 168 дарегине же 0312 979 195 (4220) телефон номери аркылуу Муниципалдык мүлк башкармалыгына кайрылуу керек.