Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. 2025-жылдын 11 айында 562,5 тонна жүк өлкөгө киргизилген жок. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин маалыматына ылайык, жүктөр фитосанитардык талаптарга жооп бербегендиктен, артка кайтарылган.
Аткарылган көзөмөл чараларынын негизинде жалпы 35 учур катталып, алардын курамына:
- 562,5 тонна ар кандай жүктөр;
- 70 515 даана көчөт;
- 11 387 даана гүл;
- 136 м³ пиломатериал кирген.
Фитосанитардык талаптарды бузган карантиндик жүктөргө карата мыйзамга ылайык кайтаруу, жок кылуу жана зыянсыздандыруу сыяктуу чаралар көрүлдү.
Ошондой эле аталган фактылар боюнча Кытай жана Нидерланды мамлекеттерине дипломатиялык каналдар аркылуу расмий нота жөнөтүлгөн.
Департамент белгилегендей, фитосанитардык көзөмөл — өлкөнүн аймагына зыяндуу организмдердин кирүүсүн алдын алуу жана өсүмдүк чарбасын коргоо боюнча маанилүү механизм.