Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААК жыл башынан бери камсыздандыруу учурлары боюнча жалпы 460 млн сом төлөп берди. Бул тууралуу бүгүн "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында ишкананын камсыздандыруу төлөмдөрү жана ордун толтуруулар башкармалыгынын башчысы Азатбек Осмоналиев билдирди.
Анын айтымында, камсыздандыруу учурлары жана төлөмдөрдү алуу тартиби жарандар үчүн актуалдуу бойдон калууда. Анткени камсыздандыруу учуру катталганда белгиленген талаптарды өз убагында аткарып, зарыл болгон документтерди тапшыруу маанилүү.
"Бүгүнкү күндө камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жалпы суммасы 460 млн сомду түзөт", - деди Азатбек Осмоналиев.
Ал ошондой эле жарандар камсыздандыруу төлөмүн алуу үчүн кайрылганда келишимдин шарттары менен жакшылап таанышып, камсыздандыруу учуру болгонун өз убагында билдирип, болгон окуяны тастыктаган документтерди тапшырышы керектигин белгиледи.