Бишкек, 12.09.25. /Кабар/. 2025-жылдын аягына чейин 5 жаңы РЭТтин административдик имараты курулуп, пайдаланууга берилет. Бул тууралуу "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтан билдиришти.
Жыл аягына чейин толугу менен курулуп, пайдаланууга берилчү беш административдик имарат төмөнкү РЭТтерге тиешелүү:
- Нарын РЭТ;
- Ат-Башы РЭТ;
- Жумгал РЭТ;
- Чаткал РЭТ;
- Майлуу-Суу РЭТ.
Курулуштар "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын өз каражаттарынын эсебинен каржыланууда.
Жаңы имараттар заманбап диспетчердик пункттар жана алыстан башкаруу борборлору менен жабдалып, санариптик технологиялардын негизинде иш алып барат. Бул электр энергиясын эсепке алуу жана көзөмөлдөө иштерин сапаттуу деңгээлге чыгарат.
Абоненттерге ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жаңы имараттарда заманбап "Бирдиктүү терезе" кызмат көрсөтүү системасы киргизилип, электрондук кезек системасы жана ыңгайлуу күтүү зоналары орнотулат. Бул тейлөөнүн эффективдүүлүгүн жана ыкчамдуулугун жогорулатат.