Жыл аягына чейин Сүлүктүдө эки ири көмүр кени ачылат

Аймак 23 Апрель 2025 10:09
492006466_1215530806607039_635686305426928500_n.jpg
492002551_1215530856607034_6626398890207853058_n.jpg
492129006_1215530946607025_7942686699223916314_n.jpg
492183083_1215531039940349_3018614840325045028_n.jpg
492191649_1215530853273701_2788830919591303284_n.jpg
492372116_1215531046607015_8181179475077533722_n.jpg
492406185_1215531109940342_6941343998286941493_n.jpg
492539193_1215531093273677_4118211736636799339_n.jpg
492913373_1215530939940359_4809867643993398536_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 23.04.25. /Кабар/. Жыл аягына чейин Сүлүктү шаарында эки ири көмүр кени ачылат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жакында президентинин өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев жаңыдан ачыла турган көмүр кендеринин иши менен таанышты.

Алардын бири "У Линь Групп" ЖЧКнын көмүр кени жыл аягына ачылуусу күтүлүүдө. Ишкана жылына 1 млн тонна көмүр өндүрүүгө жөндөмдүү жана 300 адам жумуш менен камсыз болот.

Көмүр кенин ишке киргизүү үчүн 40 млн доллар керектелет, учурда 5 млн доллар жумшалган.

Экинчи көмүр кени "Мурас-1" ЖЧКга таандык. Кубаттуулугу жылына 800 тонна. Учурда ишкананын курулушуна 9 млн сом жумшалган. Жалпы керектелүүчү каражат 11,2 млн сомду түзөт. Ишкананы жыл аягына пайдаланууга берүү пландалган.

Ташбалтаев өнөр жай ишканаларынын ачылуусу облустун социалдык-экономикалык абалын жакшыртууда мааниси зор экенин белгилеп, ишканалардын толук кандуу ишке кирүүсү үчүн жериликтүү бийлик колдоо көрсөтөөрүн белгиледи.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын аягына чейин облустун аймагында жалпы 13 ири өнөр жай ишканасынын ачылуусу пландалган.