Бишкек, 04.03.26. /Кабар/. Журналисттердин турак жай маселесинен баштап айлык акысына чейин көңүл буруу зарыл. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Салтанат Аманова билдирди.
Анын айтымында, коомчулукту такталган маалымат менен камсыздоодо журналисттердин эмгеги бааланышы шарт. Азыркы тапта алардын маянасы 13 миңден 20 миңге чейин болуп, эң көп алганы 30 миң сомду түзөт.
Мындан улам депутат өлкө башчысын журналисттердин социалдык маселелерине көңүл бурууга чакырды.
"Журналисттердин алган айлыгы азыр 13 миң сомдон 20 миң сомго чейин жетсе жетет, эң көп алганы 30 миң сом. Журналистика популисттик багытка ооп баратат. Журналисттик иликтөөлөрдүн болбой, сапаттуу чыгармалардын жаралбай, гезит-журналдардын дээрлик жок болуп жатышы — бул тармакка көңүл бурулбай жатканынан кабар берет. Бул маселеге өлкө башчысы көңүл бөлүшү зарыл деп ойлойм. Биринчи кезекте эл кимге ишенет? Маалыматтык талаадагы мыкты журналисттердин берген пикирлерине, чындыкка ишенет. Бардыгыбыздын маалыматты жеткиргенге мүмкүнчүлүгүбүз жок, блогерлик деңгээлден чыга албай жатабыз. Ал эми чындыкты факты жана статистикалык маалыматтар менен журналисттер жеткирет. Ошондуктан турак жай маселесинен баштап айлык акысына чейин карап чыгуу зарыл", — деди Салтанат Аманова.
Депутат белгилегендей, маалымат коопсуздугун камсыздоо жана кесипкөй кадрларды сактап калуу үчүн журналистика тармагына мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүү кечиктирилгис маселе болуп саналат.