Мугалимдердин тартыштыгы орус тилдүү мектептерде байкалууда – министр

Коом 21 сентябрь 2026 15:35
Мугалимдердин тартыштыгы орус тилдүү мектептерде байкалууда – министр
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 21.09.26 /Кабар/. Кыргызстанда мугалимдердин жетишсиздиги негизинен орус тили жана адабияты, башталгыч класстар боюнча адистиктерде байкалууда. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда мугалимдердин мектептерге келиши көбөйүп, комплектация иштери жүрүп жатат.

“Негизинен орус тили жана адабияты, башталгыч класстар боюнча адистер жетишпейт. Бул багытта иштерди жүргүзүп жатабыз. Азыр мугалимдердин мектепке келиши күчөп жатат”, — деди министр.

Кендирбаеванын маалыматы боюнча, былтыр окуу жылы мугалимдердин тартыштыгы 800гө жакын болсо, жыл аягында 640ка чейин азайган.

“Былтыр 800 мугалим жетишпейт деген көрсөткүч менен баштаганбыз, жылдын аягында 640 менен бүткөнбүз”, — деди ал.

Министр мугалимдердин тартыштыгы көбүнчө орус тилдүү мектептерде, анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларында байкаларын белгиледи.