Бишкек, 07.11.25. /Кабар/. 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнүнө карата Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн, журналисттерди, редакторлорду, фотографтарды жана медиа кызматкерлерин кесиптик майрамы — Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады.
“Журналистика – коомдун күзгүсү, ар бир жарандын үнүн угузган, өлкөнүн өнүгүүсүнө жана демократиялык баалуулуктарды бекемдөөгө зор салым кошкон ыйык кесип. Сиздердин так, калыс жана өз убагындагы маалыматыңыздар коомдун аң-сезимин өнүктүрүп, эл менен мамлекеттин ортосундагы ишеним көпүрөсүн түзүүдө.
Быйылкы майрам өзгөчө тарыхый мааниге ээ. Биз ата мекендик басма сөздүн байрагы болуп келген “Слово Кыргызстана” гезитинин 100 жылдык мааракесин белгилеп жатабыз. Бул басылма бир кылымдан ашуун мезгилде өлкөбүздүн доорлор аралык өнүгүү жолун, элдин үмүтүн жана мамлекетибиздин тарыхый жүзүн чагылдырып келген чоң руханий мурас болуп калды. “Слово Кыргызстана” — бул жөн гана гезит эмес, кыргыз басма сөзүнүн өнүгүү символу, элдин ишенимине ээ болгон маалымат булагы.
Бүгүнкү майрамда жалпыга маалымдоо каражаттарынын бардык кызматкерлерине, айрыкча аймактарда эмгектенип жаткан, жергиликтүү жаңылыктарды чогултуп, коомго жеткирип жаткан журналисттерге терең ыраазычылыгымды билдирем. Сиздердин жигердүүлүгүңүздөр, кесипкөйлүгүңүздөр жана жогорку жарандык жоопкерчилигиңиздер өлкөбүздүн маалымат айдыңын байытып, анын беделин көтөрүп келет. Ар бириңиздерге чың ден соолук, тынчтык, үй-бүлөлүк бакубат жашоо жана чыгармачылык ийгилик каалайм! Майрамыңыздар кут болсун!”, - деп белгиледи министр.