Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда экологиялык таза "Асман" шаарын куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн маанилүү кадам жасалды – министрлер кабинети тарабынан аянты 4 015 гектар болгон жер тилкесин трансформациялоо жана инвесторлорго берүү боюнча тескеме кабыл алынды. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Талантбек Жунушев "Асман жаңы шаарын куруу жана өнүктүрүү – 2026" жогорку деңгээлдеги форумунда билдирди.
Анын айтымында, "Асман" долбоору жөн гана жаңы калктуу конушту түзүү эмес, инновациялардын, туруктуу өнүгүүнүн, алдыңкы технологиялардын жана эл аралык кызматташуунун заманбап борборун калыптандырууга багытталган.
"Президент бул долбоордун ишке ашырылышына өзгөчө көңүл бурууда. Инвестициялык долбоор үчүн ишенимдүү укуктук негизди түзүү менен биз муну Асман шаарын куруунун жаңы этабынын башталышы катары карап жатабыз. Мамлекеттик органдардын жана кытайлык өнөктөш-инвесторлорубуздун биргелешкен аракеттери экономикалык өсүштүн, инвестицияларды тартуунун, заманбап технологияларды киргизүүнүн жана жарандардын жашоо сапатын жогорулатуунун жаңы чекити боло турган бул масштабдуу долбоорду ишке ашырууга мүмкүндүк берет", - деди ал.
Ал белгилегендей, Кыргызстан инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана долбоорду ишке ашыруунун бардык баскычтарында натыйжалуу кызматташууну камсыз кылуу үчүн зарыл болгон чечимдерди ырааттуу кабыл алууда.
"Асман заманбап шаар куруу чечимдерин колдонууга жана жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүүгө багытталган Кыргызстандын ири инфраструктуралык долбоорлорунун бири болушу керек", - деп баса белгиледи президенттин Иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары.