Жунушалиев: Кыргыз тили ааламда теңдеши жок “Манас” эпосун түзгөн эң байыркы тилдердин бири

Коом 22 Сентябрь 2025 14:53
1758529609_large.jpeg
1758529516.jpg
1758529512.jpg
1758529508.jpg
1758529504.jpg
1758529495.jpg
1758529490.jpg
1758529486.jpg
1758529477.jpg
1758529474.jpg
1758529470.jpg
1758529466.jpg
1758529450.jpg
1758529446.jpg
1758529442.jpg
1758529438.jpg
1758529428.jpg
1758529424.jpg
1758529420.jpg
1758529416.jpg
1758529407.jpg
1758529403.jpg
1758529400.jpg
1758529396.jpg
1758529386.jpg
1758529382.jpg
1758529378.jpg
1758529375.jpg
Алдыга
Артка
1758529609_large.jpeg
1758529516.jpg
1758529512.jpg
1758529508.jpg
1758529504.jpg
1758529495.jpg
1758529490.jpg
1758529486.jpg
1758529477.jpg
1758529474.jpg
1758529470.jpg
1758529466.jpg
1758529450.jpg
1758529446.jpg
1758529442.jpg
1758529438.jpg
1758529428.jpg
1758529424.jpg
1758529420.jpg
1758529416.jpg
1758529407.jpg
1758529403.jpg
1758529400.jpg
1758529396.jpg
1758529386.jpg
1758529382.jpg
1758529378.jpg
1758529375.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 22.09.25. /Кабар/.Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясы уюштуруп, ага мэр Айбек Жунушалиев, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов, Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Республикалык «Кыргыз тили» коомунун президенти Раимжан Курбанов жана башка жетекчилер, кызматкерлер, шаар тургундары, мугалимдер катышты.

Майрамдык салтанатта мэр Айбек Жунушалиев сөз сүйлөп, кыргыз тилинин тарыхына жана келечегине токтолду.

«Кыргыз тили ааламда теңдеши жок “Манас” эпосун түзгөн дүйнөдөгү эң байыркы тилдердин бири. Мамлекеттик тилди колдоо жана өнүктүрүү – өлкөбүздүн келечегине болгон инвестиция», – деди ал.

Мамлекеттик тил күнүнүн алкагында муниципалитеттин түзүмдүк жана аймактык башкармалыктарынын кызматкерлери кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Ардак грамота жана ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты. Ошондой эле Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия да өз сыйлыктарын тапшырды.

Салтанаттын маданий бөлүгү абдан бай болду. «Кыргыз руху» фольклордук ансамбли, Бишкек шаарынын мэриясынын эл аспаптар оркестри жана белгилүү аткаруучулар концерттик программа тартуулашты. Алар музыкалык жана поэтикалык чыгармалары менен көрүүчүлөргө кыргыз маданиятынын байлыгын жана өзгөчөлүгүн көрсөтө алышты.

Иш-чаранын соңунда кыргыз тилин мындан ары өнүктүрүү, жаштар арасында жайылтуу жана көп улуттуу өлкөдө улуттук биримдиктин символу катары бекемдөө боюнча маанилүү демилгелер талкууланды.