Бишкек, 09.11.26. /Кабар/. Төрт баланы жалгыз тарбиялап жаткан аял президент Садыр Жапаровго кайрылып, алимент өндүрүү жана өзү балдары менен жашап жаткан үйдү сактап калуу маселесин чечүүгө жардам сурады.
Ал мамлекет башчысынын Кара-Балта шаарынын, Жайыл жана Панфилов райондорунун тургундары менен жолугушуусунда кайрылуу жасады.
Аялдын айтымында, жолдошу сегиз жыл мурда үй-бүлөсүн таштап кеткен. Кийин алар ажырашкан. Мурдагы күйөөсү аялга билдирбестен, балдары менен жашап жаткан үйдү өзүнүн эжесинин атына каттатып койгон. Ошондой эле бир жылдан бери балдарына алимент төлөбөй келет.
Президент мүлк маселеси 2022-жылы ажырашуу учурунда эмне себептен чечилбегенине кызыгып, мындай маселелерди өз убагында жөнгө салуу керектигин белгиледи. Ал эми алимент боюнча прокуратурага жана сот органдарына акыркы бир жылдагы карызды толук өндүрүү тапшырмасын берди.
Аялдын билдиришинче, учурда мурдагы күйөөсү эжеси менен биргеликте үйдү сатууга аракет кылып жатат.
Садыр Жапаров ага доо арыз менен кайрылууну сунуштап, тиешелүү органдарга юридикалык жардам көрсөтүүнү тапшырды.