Сырт өрөөнүндө кар жаап, малчыларга азык-түлүк жеткирилди

Аймак 479 08 Июнь 2026 09:05
719659888_1700076081144963_6514609910760996127_n.jpg
719032879_1700076084478296_5954583793308464825_n.jpg
719900531_1700076077811630_2300377047652352858_n.jpg
717216782_1700076074478297_5262924520118185047_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ӨКМ

Бишкек, 08.06.26. /Кабар/. Жети-Өгүз районунун Сырт өрөөнүндө кар жаап, малчыларга азык-түлүк жана тоют жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сырт өрөөнүндөгү Кичи-Жаргылчак, Чоң-Жаргылчак жана Ак-Шыйрак айыл аймактарынын жайлоолорунда калың кар жааган. Буга байланыштуу малчылардан кабар алуу жана көмөк көрсөтүү максатында Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы баштаган ыкчам топ түзүлгөн. Куткаруучулар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жогоруда аталган аймактардагы малчылардан кабар алып, азык-түлүк жана 335 түк чөп жеткиришти.

"Учурда Сырт өрөөнүндө малчылардын абалы туруктуу, мал-жандыктар аман-эсен. Тоолуу аймактарда жолдорду тазалоо жана малчыларга көмөк көрсөтүү иштери улантылууда", - деп айтылат маалыматта.