Жунушалиев Бишкектеги курулуп жана оңдолуп жаткан соцобъекттерди текшерди

Коом 23 июнь 2025 16:40
1750673436.jpg
1750673465 (1).jpg
1750673354.jpg
1750673359.jpg
1750673365.jpg
1750673382.jpg
1750673417.jpg
1750673421.jpg
1750673425.jpg
1750673444.jpg
1750673452.jpg
1750673462.jpg
1750673465.jpg
1750673468.jpg
Алдыга
Артка
1750673436.jpg
1750673465 (1).jpg
1750673354.jpg
1750673359.jpg
1750673365.jpg
1750673382.jpg
1750673417.jpg
1750673421.jpg
1750673425.jpg
1750673444.jpg
1750673452.jpg
1750673462.jpg
1750673465.jpg
1750673468.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 23.06.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев социалдык объектилерди текшерип чыкты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа башчысы алгач Красный строитель конушундагы 140 орундуу бала бакчадагы капиталдык оңдоо иштери менен таанышты.

Ошондой эле ал Биримдик-Кут конушундагы 280 орундуу бала бакчанын курулушунан кабар алды. Бул жерде 2 кабаттуу имарат жана 9 балдар аянтчасы курулат. Имараттын аянты 2927 чарчы метр. Бүгүнкү күндө катлаванын казуу иштери аяктап жатат.

Андан соң Ак-Бата конушунда курулуп жаткан 660 орундуу мектепке барды. Анын жалпы аянты 1,08 гектарды түзөт. Имарат 2 кабаттуу жана 9 блоктон турат.

Жунушалиев Учкун конушундагы 140 орунга ылайыкталган бала бакчадан дагы кабар алды. Жалпы аянты 0,83 гектарды түзөт. Учурда 2-кабаттын шыбын орнотуу иштери аяктады. Жер төлөнүн плиткаларын төшөө, 1-кабатын  кирпич дубалын орнотуу иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, Гоголь көчөсү, 127а дарегиндеги бала бакчанын капиталдык оңдоо иштери текшерилди. Имараттын долбоордук кубаттуулугу 180 балага ылайыкташып, аянты 0,6 гектарды түзөт.

"Текшерүүнүн жыйынтыгында борбор калаа башчысы курулуш объектилерин куруу жана реконструкциялоо иштерин күнүмдүк көзөмөлгө алууну тапшырды. Иштин сапатына жана аймактын көрктөндүрүүсүнө өзгөчө көңүл буруу, ошондой эле мектептер менен бала бакчалардын айланасындагы объектилердин мыйзамдуулугун текшерүү милдети коюлду",-деп айтылат мэриянын маалыматында.