Жунушалиев: Бишкек - башаламан соода жүргүзө турган жер эмес

Коом 5 июнь 2025 15:13
503830328_1149599637215889_5193336917456746750_n.jpg
504004556_1149599927215860_105432246298729640_n.jpg
503989401_1149600047215848_1125830493550521332_n.jpg
504376121_1149599653882554_7040211758403696412_n.jpg
504006216_1149599940549192_2668056526600879609_n.jpg
504339855_1149599967215856_622697245267828025_n.jpg
504456440_1149600030549183_1006942737818386783_n.jpg
504092331_1149599733882546_2630823052671831167_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 05.06.25. /Кабар/. Бишкек - башаламан соода жүргүзө турган жер эмес. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев «Ош базарынын» аймагын текшерүү учурунда айтты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, калаа башчысы көчөлөрдү башаламан соодадан тазалоо жана базардын аймагын көрктөндүрүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун коомдук тамактануу жайларында санитардык нормаларды камсыздоо боюнча иш жетишсиз деп белгиленди.

Базардын соодагерлери менен жолугушууда мэр өз ишин мыйзамдуу жана соода жүргүзүү үчүн бөлүнгөн жерлерде гана жүргүзө аларын белгиледи.

"Бүгүнкү күндө өрткө каршы нормаларга жана талаптарга ылайык келтирүү, башаламан соодадан тазалоо жана көрктөндүрүү иштери Бишкектин бардык базарларында жүргүзүлүүдө. Мыйзам жана белгиленген эрежелер бар, өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо үчүн аларды так сактоо керек. Бишкек шаары-башаламан соода үчүн жер эмес", - деп белгиледи мэр Айбек Жунушалиев.

Мындан тышкары, калаа башчысы Ала-Арча дарыясынын жээгин текшерип, сейил багын уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну, эскиздик долбоорлорду даярдоону тапшырды.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы тарабынан базардын периметри боюнча мыйзамсыз соода кылуунун алдын алуу боюнча рейддер уланууда.