Жумгалдын Байзак айылында жакында жаңы бала бакча пайдаланууга берилет

Аймак 2 октябрь 2025 16:37
bajzak2-59868de55da9efad0.87864656.jpg
bajzak3-48468de55daa009f7.21283170.jpg
bajzak1-56668de55da9f9029.65352709.jpg
Алдыга
Артка
bajzak2-59868de55da9efad0.87864656.jpg
bajzak3-48468de55daa009f7.21283170.jpg
bajzak1-56668de55da9f9029.65352709.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Байзак айылында жалпы наркы 94 миллион сомду түзгөн жаңы бала бакча жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, жалпы аянты 1330 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат 120 орунга ылайыкталып, заманбап жабдуулар менен камсыздалды.

Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.