Бишкек, 15.09.26. /Кабар/. Жумгал райондук прокуратурасынын жаңы административдик имараты ачылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы административдик имарат заманбап талаптарга ылайык жабдылып, кызматкерлердин ишин натыйжалуу уюштуруу үчүн зарыл болгон шарттар түзүлгөн.
Ачылыш аземде башкы прокурор Малик Бектурганов прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, жаңы имарат мыйзамдуулукту камсыз кылуу, укук тартибин бекемдөө жана жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштердин натыйжалуулугун арттырууга өбөлгө түзөрүн айтты.
Ошондой эле башкы прокурор прокуратура кызматкерлерин өздөрүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерди ак ниет, жоопкерчиликтүү жана так аткарууга чакырды.
Мындан тышкары, башкы прокурор Чаек айылында жайгашкан "Нур-Булак" үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө барып, тарбиялануучулар менен баарлашып, балдарга керектүү окуу куралдарын тапшырды.