Бишкек, 29.09.26. /Кабар/. Республика боюнча 42 оорукана үчүн жаңы имараттар курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Чүй облусунун Москва районунда бир катар саламаттык сактоо жана билим берүү мекемелеринин абалы менен таанышуу учурунда билдирди.
Белгилүү болгондой, минкаб төрагасы Беловодское айылындагы Москва районунун Жалпы медициналык практика борборуна барып, имараттардын абалын, ошондой эле мекеменин инфраструктурасы менен жабдууларын карап чыкты.
Борбордун негизги имараты 1970-жылы курулган. Анын стационардык бөлүмү 171 орунга ылайыкталган. Борбор 8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун жана 19 медициналык-акушердик пунктту жетектейт.
Жеринде таанышуу учурунда негизги маселелер аныкталды. Атап айтканда, 100 орундуу жаңы оорукана имаратын куруу зарылчылыгы бар.