Жумгалда GALLOPS-2025 туристтик иш-чарасы өтүүдө

Спорт 21 Июль 2025 11:50
519942321_1506415310769894_3459084220841884094_n.jpg
520370655_1506414297436662_906790560693153366_n.jpg
520906311_1506415317436560_7864671421448136162_n.jpg
515144894_1506414264103332_2422160990515035598_n.jpg
515491742_1506414310769994_4960175744927412367_n.jpg
518139569_1506414194103339_7965994795057907969_n.jpg
518385522_1506414250770000_326817198829124310_n.jpg
518385808_1506415337436558_6805984656494453157_n.jpg
518400412_1506414280769997_5443780328233512322_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек 21.07.25 /Кабар/. Жумгалда эл аралык "Gallops Кыргызстан-2025" туристтик маданий иш-чарасы өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чаранын расмий ачылышы 20-июлда өтүп, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана президенттин аймактагы өкүлү Нурбек Сатаров катышты.

Анын алкагында атайын тур уюштурулуп, алгач элиталык спорттун түрү катары эсептелинген "Поло" оюну боюнча оюн көрсөтүлдү.

Андан соң келген меймандар менен биргеликте түндүк көтөрүү салты көрсөтүлдү. Анда конокторго түндүк көтөрүү "бир түндүктүн алдында ынтымактуу бололу!" деген маани экени, кыргыз эли ушул маани-маңызды бекем тутушаары даңазаланды.

Белгилей кетсек, 19-июлда башталган иш-чара 26-июлга чейин уланат.

Маалымат үчүн: Gallops долбоору буга чейин Оман, Марокко, Индия, Иордания сыяктуу мамлекеттерде өтүп, дүйнөлүк спортто жана маданий коомчулукта чоң кызыгууну жараткан.