Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. Бишкектеги Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо 20 жашка чейинки жаштар курама командалары арасында Азия кубогунун тандоо турунун беттештери өтөт (AFC U20 Asian Cup Qualifiers).
Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, квалификациянын алкагында Кыргызстандын жаштар курамасы Ливан жана Түштүк Корея командалары менен кездешет.
Оюндардын жүгүртмөсү:
- 31-август (16:00) — Ливан – Түштүк Корея
- 3-сентябрь (20:00) — Кыргызстан – Ливан
- 6-сентябрь (20:00) — Түштүк Корея – Кыргызстан