Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. ӨКМдин куткаруучусу Бектемир Садырбеков универсалдуу кармаш боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш медалын тагынды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын куткаруучусу, Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин Аскердик дене тарбия институтунун курсанты, кенже сержант Садырбеков Бектемир Жунусович эл аралык World Championship and Junior Championship Unifight (универсалдуу кармаш) боюнча чемпионатка катышып 85 кг салмакта II орунду багындырды.
”Бул жеңиш — талыкпаган эмгектин, тынымсыз машыгуунун, күчтүү эрктин жана мекенчилдиктин натыйжасы”,– деп айтылат маалыматта.