Жумгалда беш жылда 1 млрд сомдон ашык суммага 24 объект курулду

Президент 364 23 Июнь 2026 12:40
WhatsApp_Image_2026_6ZnQCxD.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
728828246_1536534751197257_5946078334314402126_n.jpg
Алдыга
Артка
WhatsApp_Image_2026_6ZnQCxD.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
728828246_1536534751197257_5946078334314402126_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн абалы жана динамикасы менен таанышты.

Райондун акими Жаныбек Исаков мамлекет башчысына акыркы жылдардагы инфраструктуралык жана инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү тууралуу маалымат берип, районду мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын белгиледи.

Белгиленгендей, 2021–2025-жылдары курулуш тармагында жалпы баасы 1 млрд 43 млн сомдон ашык болгон 24 объект ишке берилген. Алардын катарында 7 мектеп, 3 спорт залы, 2 бала бакча, 5 административдик объект жана 7 өндүрүштүк ишкана бар. Каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, Өнүктүрүү фондунун, ошондой эле инвесторлордун жана өнөктөштөрдүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлдү.