Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Жумгалда акыркы беш жылда мектеп, бала бакча, ФАП жана башка 15 социалдык объект пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун тургундары менен жолукканда билдирди.
Мамлекет башчысы белгилегендей, бүгүнкү күндө райондун аймагында курулуш, жол, ирригация жана таза суу тармактарында 2 миллиард 833 миллион сомдук жумуштар жүрүп жатат.
"Курулуш тармагында эле учурда 4 курулуш объектиси салынууда жана 14 социалдык объект боюнча долбоордук-сметалык иш кагаздары даярдалып, жакынкы мезгилде курулуш иштери башталары күтүлүүдө. Райондун аймагындагы эл аралык маанидеги Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 143 чакырымына асфальт басылса, акыркы 5 жылда курулуп жаткан бул жолдон үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен жана республикалык бюджеттен жалпы 35 чакырым ички жолго асфальт төшөлдү", - деди Садыр Жапаров.
Ошондой эле Садыр Жапаров учурда мамлекеттик маанидеги Сары-Булуң – Миң-Куш унаа жолунун 22 чакырымына асфальт төшөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.