Бишкектеги Жумабек көчөсүнө асфальт төшөө иштери башталды

Коом Загрузка... 24 Июль 2025 17:40
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек 24.07.25 /Кабар/. Бишкек шаарында жолдор жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштери активдүү жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Жумабек көчөсүнүн Раззаков көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки тилкесинде ысык асфальт-бетон аралашмасын төшөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин эски асфальтты сыйруу иштери жүргүзүлүп, тротуар уюштурулуп, ирригациялык система орнотулган. Ошондой эле айдоочулар үчүн унаа токтотуучу жайлар уюштурулган.

Асфальт төшөлүп бүткөндөн кийин жол чийиндери чийилип, жол белгилери орнотулат.