Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштери үчүн жабылды

Коом Загрузка... 10 Июнь 2025 12:20
1749478458_large.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 10.06.25. /Кабар/. Бишкек шаарында 10-июндан 30-июнга чейин Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Суванбердиев жана Скрябин көчөлөрүнүн аралыгындагы бөлүгү убактылуу унаа кыймылына жабылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул күндөрү узундугу 60 метрди, диаметри 530 ммди түзгөн магистралдык жылуулук түтүгүн пландан тышкаркы алмаштыруу иштери жүргүзүлөт.

Жылуулук тармагы 1985-жылдан бери пайдаланылып келет жана колдонуу мөөнөтү бүтүп калган.

Кыймылды чектөө оңдоо иштеринин коопсуздугун камсыз кылуу максатында киргизилет.