“Жүрөктү коргоо – 2025”. Жүрөк кемтиги бар 7 балага акысыз операция жасалды

Ден соолук Загрузка... 21 Ноябрь 2025 17:01
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.11.25 /Кабар/. “Жүрөктү коргоо – 2025” кыргыз-кытай биргелешкен долбоорунун алкагында 19-ноябрда жүрөк кемтиги бар 7 балага акысыз операция жасалды. Бул тууралуу “Жүрөктү коргоо” коомдук фондунун жетекчиси Айбулак Жумак “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, жүрөк кемтиги менен жабыркаган балдарга жардам көрсөтүү иши үчүнчү жыл катары менен уланууда.

“”Жүрөктү коргоо” фонду 2023-жылы түзүлгөн. Ошол жылы биз Кытайга 8 баланы ата-энеси менен алып барып, операция жасатканбыз. Бирок, ата-энелерди чет өлкөгө алып баруу кыйын болгондуктан, 2024-жылдан тарта кытайлык адистерди Кыргызстанга чакырып, операцияларды өлкө ичинде жүргүзө баштадык. 2024-жылы 5 балага ийгиликтүү операция жасалып, учурда алардын ден соолугу жакшы”,-деди ал.

Кытайлык хирург Лю Лей кошумчалагандай, бул долбоордун негизги максаты — жүрөк кемтиги менен жабыркаган балдарды эрте этапта аныктап, аларга жогорку сапаттагы медициналык жардам көрсөтүү.

“Мен Кыргызстанга биринчи жолу келдим. Кыргызстан мага абдан жакты. Бул сапар учурунда биз жалпы 20 баланын ден соолугун текшерип чыктык. Алардын ичинен жүрөк кемтиги аныкталган 7 балага ийгиликтүү операция жасалды. Дагы үч балага ачык жүрөк операциясы талап кылынууда. Эгер бул үч баланы Кытайга жөнөтсөңүздөр, биз аларга ошол жакта операция жасап берүүгө даярбыз.

Биз кыргыз дарыгерлери менен жакшы мамиле түзүп, иштешүүгө жетиштик. Кыргызстан биз үчүн жакын өлкө. “Алыскы туугандан жакынкы коңшу жакшы ” деп айтылат эмеспи. Эгер биз бирге балдардын саламаттыгы үчүн аракет кылсак, бул абдан чоң жетишкендик болмок”, - деди Лю Лей.