Бишкек, 27.10.26. /Кабар/. Күн сайын көп эмес жөө басуу да деменциянын өнүгүү коркунучун азайтууга жардам берет. Бул тууралуу АЗЕРТАЖ агенттиги жазды.
Изилдөөлөргө ылайык, күнүнө болжол менен 3 800 кадам баскан адамдарда бул коркунуч аз кыймылдагандарга салыштырмалуу 25% төмөн болгон.
Австралиялык окумуштуулар Улуу Британиядагы 78 миңден ашуун адамдын маалыматтарын талдап, жөө басуунун ылдамдыгынан көрө күнүмдүк кыймылдын маанилүү экенин аныкташкан. Ал эми күнүнө 9 800 кадамдай баскан адамдарда деменциянын алдын алуу таасири эң жогору болгон. Күн сайын 10 миң кадам баскандарда жети жылдык байкоо мезгилинде деменция диагнозу коюлуу коркунучу дээрлик эки эсе төмөн экени аныкталган.
Финляндияда жүргүзүлгөн FINGER изилдөөсү да дене тарбия көнүгүүлөрү, туура тамактануу жана акыл-эс машыгуулары мээнин саламаттыгын сактоого жардам берерин көрсөткөн.
Изилдөөнүн жетекчиси, нейрогериатрия боюнча фин профессору Мия Кивипелтонун айтымында, мээдеги патологиялык өзгөрүүлөр алгачкы белгилер пайда болгонго чейин 15-20 жыл мурун башталышы мүмкүн. Ошондуктан мээнин саламаттыгына жаш куракка карабастан кам көрүү маанилүү.
Ал ошондой эле APOE4 генинин варианты альцгеймер оорусунун коркунучун жогорулатарын, бирок генетикалык жактан жакындык оорунун сөзсүз өнүгөрүн билдирбей турганын белгилеген.