Бишкек, 12.10.26 /Кабар/. Күн нуру жана тамеки тартуу теринин картаюусун тездеткен негизги факторлор болуп саналат. Ал эми сууну көп ичүү жана күнүмдүк косметикалык каражаттарды колдонуу теринин картаюусуна кыйла азыраак таасир этет. Бул тууралуу АЗЕРТАЖ жазды.
Копенгаген университетинин доценти Андреа Хайнцтын айтымында, жаш өткөн сайын териде коллаген менен эластиндин бөлүнүп чыгышы азайып, клеткалардын жаңылануусу жайлайт. Мындан тышкары, теринин картаюусуна адам көзөмөлдөй ала турган тышкы факторлор да таасир этет.
Адистер ультракызгылт көк нурлар теринин клеткаларын жабыркатып, бырыштардын жана пигменттик тактардын пайда болушуна алып келерин белгилешет. Тамеки тартуу да теринин ийкемдүүлүгүн сактаган белоктордун бузулушун тездетет. Күн нурунун узак мөөнөттүү таасири тери рагынын пайда болуу коркунучун да жогорулатат.
Ошондой эле уйкунун жетишсиздиги, узакка созулган стресс, алкоголдук ичимдиктер, туура эмес тамактануу жана абанын булганышы теринин абалына терс таасир тийгизиши мүмкүн.
Окумуштуулар теринин эрте картаюусун алдын алуунун эң натыйжалуу жолдору катары күндөн коргонууну жана тамеки тартуудан баш тартууну белгилешет. Алдын алуу чараларын эрте баштоо картаюунун белгилерин азайтууга жардам берет.