Быйыл орган алмаштыруу тармагына 64 млн сом бөлүнгөн

Ден соолук
Быйыл орган алмаштыруу тармагына 64 млн сом бөлүнгөн
copyright icon www

Бишкек, 26.10.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде өлкөдөгү боор жана бөйрөк органдарын трансплантациялоонун абалы каралды. Жыйында Саламаттык сактоо министрлиги маалымат берди. Бул тууралуу парламент билдирет.

Маалыматка ылайык, органдарды трансплантациялоо тармагына 2024-жылы 100 млн сом, 2025-жылы 33 млн сом, ал эми 2026-жылы 64 млн сом бөлүнгөн.