Өмүр сактаган операциялар: Кыргызстанда орган алмаштыруу кандай жүрүүдө?

Ден соолук
Өмүр сактаган операциялар: Кыргызстанда орган алмаштыруу кандай жүрүүдө?

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Кыргызстанда бөйрөк жана боор трансплантациясы бейтаптарга өмүрүн сактап калууга жана чет өлкөдө дарыланууга кетүүчү ири чыгымдарды азайтууга мүмкүнчүлүк берүүдө. Бул багытты өнүктүрүүдө операциялардын жеткиликтүүлүгү менен катар донор табуу, жергиликтүү адистердин тажрыйбасын арттыруу жана бейтаптардын ден соолугуна операциядан кийин кам көрүү маанилүү бойдон калууда.

Кыргызстанда жогорку технологиялык медициналык жардамды өнүктүрүүгө, анын ичинде трансплантология тармагын өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Бүгүнкү күндө өлкөдө органдарды трансплантациялоо боюнча операциялар Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, Улуттук хирургиялык борбордо, Ош мамлекеттик университетинин клиникасында, Кыргыз-Түрк достук ооруканасында жана Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда жүргүзүлөт. Бөйрөк алмаштырууга муктаж болгон 4 500 бейтаптын ичинен төрт жылда 116 жаран донор таап, мамлекеттин эсебинен акысыз трансплантация жасаткан. Ал эми быйылкы жылга мамлекет тарабынан тармакка 64 млн сом каралып, бүгүнкү күндө анын 21 миллион 622 миң сому кошумча медициналык жабдууларды сатып алууга сарпталган.

Өлкөдө 2025-жылы адамдын органдарын жана ткандарын трансплантациялоо тартиби жөнүндө жобо бекитилген. Ага ылайык, учурда бөйрөк жана боор алмаштыруу операциялары бир нече медициналык мекемеде жүргүзүлүп, мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Бөйрөк трансплантациясы: операцияларга мамлекеттик колдоо көрсөтүлүүдө

Кыргызстанда бөйрөк трансплантациялоо операциялары 2012-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Алгачкы операция 2012-жылдын 12-июнунда Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда жасалган. Бүгүнкү күндө мындай операциялар Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, Кыргыз-Түрк достук ооруканасында жана Ош мамлекеттик университетинин клиникасында да жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, мамлекет бейтаптардын операцияга кеткен чыгымдарын азайтуу үчүн бөйрөк трансплантациясын каржылоого өзгөчө көңүл бурууда. Күн мурун Жогорку Кеңештин Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер комитетинин жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев өлкөдөгү трансплантациялоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, ушул учурга чейин Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 89, Кыргыз-Түрк достук ооруканасында 19, ал эми Ош мамлекеттик университетинин клиникасында 8 бөйрөк трансплантациясы жасалган.

“Бөйрөк трансплантациялоо кызматын өнүктүрүү үчүн медициналык мекемелерге кошумча каражат бөлүнүп, жабдуулар алынууда. Тактап айтканда, 2024-жылы Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна медициналык жабдууларды сатып алуу үчүн президент Садыр Жапаров тарабынан 20 млн сом бөлүнгөн. Ал эми 2025-жылы бөйрөк трансплантациялоо системасын жакшыртуу максатында аталган борборго дагы 26 млн сом каралган. Мындан тышкары, 2025-жылы жогорку технологиялык медициналык жардам көрсөтүү фонду аркылуу Кыргыз-Түрк достук ооруканасында алты бейтапка бөйрөк трансплантациялоо операциясын жүргүзүү үчүн 3 млн 960 миң сом бөлүнгөн. 2026-жылы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 20 операцияны каржылоого 12 млн 200 миң сом каралган”,- деп билдирди министрдин орун басары.

Үстүбүздөгү жылдын 22-майында Бишкекте өткөн органдарды донорлукка берүү жана трансплантациялоо боюнча эл аралык симпозиумда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов акыркы үч жылда республикалык бюджеттин эсебинен 55 бөйрөк трансплантациясы жасалганын билдирген. Анын ичинен 42 операция Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, 13 операция Кыргыз-Түрк достук ооруканасында жүргүзүлгөн.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунда Аксы районунун тургундары менен болгон жолугушууда бөйрөк алмаштыруу операцияларын өлкө ичинде жүргүзүү жарандардын чыгымдарын азайтууга багытталганын белгилеген. Мамлекет башчысынын айтымында, мурда айрым бейтаптар трансплантация жасатуу үчүн Индияга же Түркияга барып, 50–60 миң доллардан каражат сарптоого аргасыз болушса, азыр мамлекет 7-8 миң долларга бекер операция жасап берүүдө.

“Президент болуп келген убакта Бишкекте 2 800дөй адам гемодиализ алышат эле. Анын жарымына каражат мамлекеттин эсебинен, жарымы өз чөнтөгүнөн төлөнчү. Ошол мезгилде ар бир гемодиализ 100 доллардан турчу. Кийин баарына бекер кылып, бүгүнкү күндө ошол 2800 жарандын саны 4 500 адамга жетти. Ар бир гемодиализ алган кишиге мамлекет жылына 15 миң доллардан каражат бөлөт. Ошондо 4-5 млрд доллар акчабыз гемодиализ алгандарга кетип жатат. Буга чейин бөйрөк алмаштыруу үчүн Индияга, Түркияга барып, 50-60 миң доллардан төлөшчү. Ошондуктан мамлекеттик ооруканага жана Кыргыз-Түрк достук ооруканасына алып келип, бекер алмаштырууну уюштурдук. Бирок, мага жүздөп арызданып келген жарандардын донорлорунан дайын жок. 4 500 кишиден 4 жылда болгону 100дөн ашык жаран донор таап, бекер орган алмаштырды. Бөйрөк алмаштырып, бутунан тургузуп чыгарып жибергенге чейин 7,5 – 8 миң доллар кетет экен. Аны да бүгүнкү күндө бекер берип жатабыз”,- деди президент.

Боор трансплантациясы: операциялардын географиясы кеңейүүдө

Кыргызстанда боор трансплантациялоо багыты да өнүгүүдө. 2024-жылы Кыргыз-Түрк достук ооруканасында боорду алмаштыруу операциясы Түркиядан келген дарыгерлер менен биргеликте жүргүзүлгөн. Ош мамлекеттик университетинин медициналык борборунда боор трансплантациясынын алгачкы операциясы 2025-жылы жасалган.

ОшМУнун расмий маалыматына ылайык, 2026-жылдын 31-августунда медициналык борбордо эки бейтапка боор трансплантациясы жасалган. Ошондой эле ушул жылы университеттин клиникасында органдарды трансплантациялоо боюнча жалпысынан 11 операция жүргүзүлгөнү кабарланган.

Трансплантациялоо кызматын өнүктүрүү үчүн Улуттук хирургия борборунда да даярдык көрүлүүдө. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуевдин маалыматына ылайык, 2025-жылы операцияларды жүргүзүүгө даярдык көрүү максатында борборго 33 млн сом каралган. Ал эми 2024-жылы саламаттык сактоону өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 100 млн сомго боор трансплантациясына зарыл атайын медициналык жабдуулар сатылып алынган.

2026-жылы кошумча медициналык жабдууларды сатып алууга 64 млн сом каралып, анын 21 млн 622 миң сому сарпталган. Министрдин орун басарынын маалыматына ылайык, Улуттук хирургия борборунда эки боор трансплантациясы жасалган. Министрдин орун басарынын маалыматына ылайык, боорду трансплантациялоого орточо эсеп менен бир адамга 17 миң доллар сарпталат.

Сөөк чучугун трансплантациялоо: балдарга жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү кеңеет

Органдарды трансплантациялоодон тышкары, Кыргызстанда сөөк чучугун трансплантациялоо багытын өнүктүрүү боюнча да иштер жүрүүдө. Бул ыкма айрым кан ооруларын жана онкологиялык ооруларды дарылоодо колдонулат.

Саламаттык сактоо министрлигинин 2026-жылдын 11-августундагы маалыматына ылайык, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда балдарга сөөк чучугун трансплантациялоо үчүн атайын инфраструктура түзүлүүдө. Бул максатта борборго 24 млн сомдон ашык турган аферез аппараты жана экстракорпоралдык фотоферез системасы берилген.

2024-жылы Кыргызстанда биринчи жолу бейтаптын өзүнүн өзөк клеткаларын колдонуу менен аутологиялык сөөк чучугун трансплантациялоо жүргүзүлгөн. Донордон алынган өзөк клеткаларын колдонуу болсо өзүнчө даярдыкты жана медициналык шарттарды талап кылат.

Саламаттык сактоо министрлигинин стандартташтыруу жана далилдүү медицина боюнча эксперти Бермет Барыктабасова бөйрөк трансплантациясы - гемодиализге көз каранды бейтаптардын санын азайтуунун натыйжалуу жолдорунун бири болуп саналарын "Кабар" агенттигине билдирди.

“Гемодиализге мамлекет жыл сайын олуттуу суммада каражат бөлөт. Ошондуктан трансплантацияны өнүктүрүү мамлекет үчүн да маанилүү. Бирок операциянын акысын төлөп берүү менен маселе толук чечилбейт. Бейтап операциядан кийин кимдин көзөмөлүндө болот, донордун ден соолугуна ким жооп берет деген суроолор да толук чечилиши керек. Жарандардын бөйрөк трансплантациясына аз кайрылышынын себептеринин бири — операциянын жыйынтыгына жана андан кийинки медициналык жардамга болгон ишенимдин жетишсиздигинде. Бейтаптардын айрымдары операциядан кийин организм жаңы органды кабыл албай калат деп коркушат. Башкалары трансплантациядан кийин ким карайт, кандай болот деп чочулашат. Нефрологдор да жетишсиз. Ошондуктан мамлекеттик колдоо болуп жатканы менен адамдардын бул мүмкүнчүлүктү пайдаланууга даярдыгы төмөн бойдон калууда", — деп белгиледи ал.

Эксперт белгилегендей, трансплантация — операция жасоо менен эле бүтпөй турган процесс. Адам өмүрүнүн аягына чейин атайын дарыларды ичиши керек болот. Ал эми трансплантация татаал хирургиялык багыт болгондуктан, адистер практикалык тажрыйба топтошу керек.

"Хирургдар мындай операцияларды көп жасап, тажрыйба топтошу зарыл. Чет өлкөлүк адистердин катышуусу менен операция өткөрүү пайдалуу, бирок алар операцияны өздөрү жасап коюу менен чектелбеши керек. Жергиликтүү хирургдар да үйрөнүп, акырындап операцияларды өз алдынча жүргүзүүгө жетиши зарыл. Трансплантология боюнча өзүнчө даярдык программаларын иштеп чыгуу жана бул тармактагы адистердин эмгегин, квалификациясын эске алган шарттарды түзүү маанилүү. Кыргызстандыктардын бир бөлүгү трансплантация үчүн чет өлкөгө кайрылуусуна жергиликтүү медициналык кызматтарга болгон ишенимдин жетишсиздиги да таасир этет. Айрым медициналык ортомчулар бейтаптарды чет өлкөдөгү жеке клиникаларга багыттап, жергиликтүү адистердин мүмкүнчүлүктөрүнө шек келтирген маалыматтарды таратышы мүмкүн. Бирок мындай маалыматтын артында чыныгы медициналык далилдер турабы же коммерциялык кызыкчылык барбы — муну тактоо керек. Натыйжада бейтаптар чет өлкөдөгү жеке клиникаларга кайрылып, кыйла көп каражат коротушу мүмкүн", — деди ал.

Мындан тышкары, эксперт сөөк чучугун трансплантациялоо багытында да медициналык мүмкүнчүлүктөр менен катар укуктук жана этикалык маселелерди эске алуу зарылдыгын белгиледи. Анын айтымында, өзгөчө балдар донор болгон учурларда алардын укуктарын жана ден соолугун коргоонун так механизмдери болушу керек.

Ал трансплантацияны өнүктүрүүдө мамлекеттин милдети операцияны каржылоо менен гана чектелбестен, бейтаптардын жана донорлордун коопсуздугун камсыз кылуу, медициналык кызматкерлерди даярдоо жана калкка так маалымат берүү экенин кошумчалады.

Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстанда трансплантологияны өнүктүрүү үчүн мамлекеттик каржылоону көбөйтүү менен катар операциядан кийинки медициналык көзөмөлдү күчөтүү, донорлордун коопсуздугун камсыз кылуу, адистерди даярдоо жана калктын жергиликтүү медицина кызматтарына болгон ишенимин арттыруу маанилүү. Бул багыттагы иштердин натыйжалуулугу жасалган операциялардын саны менен гана эмес, бейтаптардын узак мөөнөттүү жашоо сапаты жана донорлордун ден соолугун коргоо менен да бааланышы керек.