Бишкекте 3 жаранга бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды

Ден соолук Жүктөлүүдө... 11 Апрель 2025 16:28
490657073_692164816544223_2362525829331591216_n.jpg
490373863_692164979877540_3563622887386582106_n.jpg
489848181_692164646544240_3048205246523732380_n.jpg
489885747_692164916544213_3636614664758476881_n.jpg
489962561_692164819877556_8294278070150133423_n.jpg
489966195_692164953210876_5615247364472459584_n.jpg
490028291_692164946544210_7042785475162740913_n.jpg
490133902_692164919877546_7898881318244246386_n.jpg
490588619_692164766544228_1054922017538818713_n.jpg
490853219_692164839877554_5738736926451041052_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 11.04.25. /Кабар/. Бишкекте өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинен жабыркаган Кыргызстандын 3 жаранына бөйрөк алмаштыруу операциялары ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Операциялар 7-9-апрель күндөрү Режеп Тайип Эрдоган атындагы кыргыз-түрк достугу ооруканасында өттү.

Операцияларды Түркиядан келген жогорку квалификациялуу трансплантологдордун тобу жүргүзгөн.

Бул иш-чара Кыргызстан менен Түркиянын Саламаттык сактоо министрликтеринин ортосунда 2024-жылдын 5-ноябрында түзүлгөн органдарды трансплантациялоо жаатында кызматташуу боюнча протоколдун алкагында ишке ашты.

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев бейтаптардын абалы менен жеке өзү таанышып, медициналык топ менен жолугушту.

Ал түрк кесиптештерине трансплантологияны өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу медициналык кызматташуунун жогорку деңгээлин баса белгиледи.