Саламат жүрөк: Эрте диагностика жана контролдоо системасы ишке кирет

Ден соолук 21 ноябрь 2025 14:47
Саламат жүрөк: Эрте диагностика жана контролдоо системасы ишке кирет

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 21.11.25. /Кабар/. "Саламат жүрөк" улуттук программасынын алкагында Эрте диагностика жана контролдоо системасы ишке кирет. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, ар бир райондун деңгээлинде электрокардиографтар(ЭКГ), эхокардиографтар (ЭхоКГ) коюлган.

ФАП же райондук ооруканадан ЭхоКГ тартканда, бейтаптан ден соолугуна байланыштуу тобокелдиктер аныкталса, бирдиктүү маалымат тутумуна маалымат келип түшөт.

"Бейтаптар Регионалдык жогорку технологиялык жүрөк-тамыр борборуна барсын деген жолдомо берилет", - деди ал.