Кыргызстанда профилактикалык кызматтарды каржылоо олуттуу түрдө көбөйтүлөт

Коом Жүктөлүүдө... 23 Май 2025 12:32
500170916_720831770344194_2844718950779453420_n.jpg
499711940_720831713677533_6979324385322249249_n.jpg
499695853_720831677010870_3329188851469513805_n.jpg
499714813_720831747010863_6178533089340987075_n.jpg
500135133_720831710344200_8226682428237078080_n.jpg
500413791_720831733677531_3424724905023927669_n.jpg
Алдыга
Артка
500170916_720831770344194_2844718950779453420_n.jpg
499711940_720831713677533_6979324385322249249_n.jpg
499695853_720831677010870_3329188851469513805_n.jpg
499714813_720831747010863_6178533089340987075_n.jpg
500135133_720831710344200_8226682428237078080_n.jpg
500413791_720831733677531_3424724905023927669_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 23.05.25./Кабар/. Кыргызстанда профилактикалык кызматтарды каржылоо олуттуу түрдө көбөйтүлөт, - деди саламаттык сактоо министри Эркин Чечебаев Өзгөн аймактар аралык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна барган учурда.

Ведомстводон маалымдашкандай, министр оорунканын ишмердүүлүгү менен таанышып, дарыгерлер менен жолукту.

Борбордун башкы дарыгери Гүлзита Бекова мекеменин иши жөнүндө маалымат берип, өзгөчө калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо жана жугуштуу оорулардын жайылышынын төмөн деңгээли боюнча жетишкендиктерди белгиледи.

Ошону менен бирге ал айрым көйгөйлөрдү да айтып өттү: квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги жана учурдагы лабораториялык имараттын эскиргендигине байланыштуу жаңы имарат куруу зарылдыгы бар экенин белгиледи.

Сапардын алкагында эпидкөзөмөл тармагындагы ишмердүүлүктү жакшыртуу максатында жергиликтүү активист менен жолугушуу болуп өттү.

Гүлзита Бекова жергиликтүү тургундар жана активисттер тарабынан түшкөн кайрылуулар боюнча көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат берди. Ал, айрыкча, коомдук жайларда мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдү сатуу фактылары аныкталганын жана гепатит оорусунун жайылышын алдын алуу үчүн укук коргоо органдары менен биргеликте лицензиясы жок стоматологиялык жана башка жеке медициналык борборлордун ишин токтотуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Эркин Чечебаев борбордун жарандык активисттер менен биргеликте калктын саламаттыгын жакшыртууга багытталган аракеттерин жогору баалады. Ошондой эле ал жаңы лабораториялык имарат куруу долбоорун колдоп, аны ишке ашырууга көмөктөшөрүн убада кылды.

Министр белгилегендей, профилактикалык кызматтар көп жылдан бери жетишсиз каржыланып келгендиктен, бул тармакта айлык маяналар төмөн жана кадрлар жетишсиз. Анын айтымында, 2026-жылдан тарта профилактикалык кызматтарды каржылоо олуттуу түрдө көбөйтүлөт.