Саламаттык сактоо министри Сузактагы Эне жана баланы коргоо борборуна барды

Аймак 21 май 2025 18:10
499981860_720677157026322_8895735428467638897_n.jpg
499313512_720677153692989_5871887635889237130_n.jpg
499503130_720677150359656_1489348107004876554_n.jpg
499578375_720677160359655_3802298644490561046_n.jpg
499711946_720677173692987_5414514756618603402_n.jpg
500079354_720677170359654_6115946666275175867_n.jpg
Алдыга
Артка
499981860_720677157026322_8895735428467638897_n.jpg
499313512_720677153692989_5871887635889237130_n.jpg
499503130_720677150359656_1489348107004876554_n.jpg
499578375_720677160359655_3802298644490561046_n.jpg
499711946_720677173692987_5414514756618603402_n.jpg
500079354_720677170359654_6115946666275175867_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 21.05.25. /Кабар/. Бүгүн саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Сузак районунда жайгашкан А. Ташиева атындагы Эне жана баланы коргоо борборуна барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Борбордун директору Саида Маткеримованын айтымында, мекеме 16-майда ишке киргенден бери 51 төрөт кабыл алынган, анын ичинде бир эгиз төрөт катталган. Ошондой эле жакында борборго кош бойлуулук учурунда оор татаалдашуулар — преэклампсия диагнозу коюлган бейтап жеткирилген. Медициналык кызматкерлердин кесипкөйлүгүнүн аркасында төрөт ийгиликтүү аяктаган.

Учурда борборго Бишкектен келген адистер жардам көрсөтүп жатышат. Министр алардын иштөө жана жашоо шарттары тууралуу маалымат алды.

Эркин Чечейбаев мекеме жетекчилиги менен учурдагы маселелерди талкуулап, зарыл дары-дармектерди мамлекеттик "Кыргызфармация" ишканасы аркылуу түз жеткирүү маселесин ыкчам чечти.

Министр борбордун материалдык-техникалык базасын чыңдоонун, медицина кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуунун жана калкка сапаттуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн камсыздоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Анын айтымында, мындай мекемелер эне жана ымыркай өлүмүн азайтууда, ошондой эле калктын ден соолугун чыңдоодо маанилүү роль ойношот.