Бишкек, 20.11.25. /Кабар/. Жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу өлүмдү кыйла азайтат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев "Кабар" агенттигине билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда өлүмдөрдүн эң негизги себеби – жүрөк-кан тамыр оорулары. Каза болгондордун 53 пайызы ушул оорулардын айынан көз жумат.
Мындан улам Эркин Чечейбаев өлкөдө жүрөк-кан тамыр ооруларына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

Бүгүнкү күндө Саламаттык сактоо министрлиги М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору менен биргеликте “Саламат жүрөк” улуттук программасын иштеп чыгып, президент Садыр Жапаров жарлыкка кол койду. Муну менен улуттук программа бекитилди. Эми 5 жылдык план ишке ашырылат.
“Саламат жүрөк” улуттук программасы бир катар багыттардан турат. Биринчи багытта жүрөк-кан тамыр ооруларын эрте аныктоого, алдын алууга көңүл бурулат. Мисал катары айтсак, пилоттук негизде “Түндүк” тиркемесине киргизилген “Өз ден соолугуңду текшер” онлайн сурамжылоону киргиздик. Мына бир айдын ичинде 40 миңге жакын адам сурамжылоодон өттү. Анда кан басымыңыз, боюңуз жана салмагыңыз канча, жөө басасызбы, коңурук тартасызбы деген сыяктуу суроолор бар. Эгерде ушул суроолордун баарына жооп берип, бирок дарыгерге кайрылуу керектиги айтылса, үй-бүлөлүк дарыгерге баруу боюнча сунуштар берилет. Ошондуктан кыргызстандыктар ушул сурамжылоодон өтсө, өзүнүн ден соолугу тууралуу билип калышмак. Демек, менин тобокелдиктерим бар экен, мен дарыгерге барып, көрүнүшүм керек деп. Бул инсульт же инфаркттын алдын алууга мүмкүнчүлүк берет”, - деди министр.

Ошондой эле ал эрте диагностика, кардио жабдуулар жана кадрлар менен камсыздоо иштери жүргүзүлөрүн кошумчалады.