Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. Бүгүн Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда кезектеги бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев аталган ооруканага болгон иш сапарында билдирди.
Анын айтымында, бул борбордо жасалган 65-трансплантация.
«Кыргызстанда бөйрөктү трансплантациялоо тармагында оң тенденция бар. 2024-жылы операциялардын саны 2023-жылга салыштырмалуу 36,4% өсүп, 1 жылда 22 трансплантацияга жеткен. Ал эми быйыл, жыл башынан бери беш трансплантация жасалды",-деди ал.
Белгилей кетсек, операциялардын санын көбөйтүү трансплантологияны өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясынын жана бюджеттик каржылоого өтүүнүн аркасында мүмкүн болду. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору тиешелүү трансплантацияларды жасайт, донорлор көбүнчө 30 жаштан 40 жашка чейинкилер. 2024-жылдын аягына чейин өлкөдө бөйрөк алмаштырган 738 бейтап бар. Алардын бардыгына керектүү терапия жүргүзүлүүдө.
Министр Эркин Чечейбаев бөйрөк алмаштыруу диализге кабылган бейтаптар үчүн өтө маанилүү операция экенин белгиледи. Мамлекет үчүн бул тармакты өнүктүрүү маанилүү, анткени органдарды трансплантациялоо саламаттыкты сактоо системасынын жүгүн азайтып, бейтаптардын жашоо сапатын жакшыртат.
«Биз туруктуу каржылоону жана адистердин татыктуу эмгек акысын камсыз кылган ченемдик укуктук базаны даярдап жатабыз», - деп белгиледи министр.
"Келечекте медициналык туризмдин алкагында чет өлкөлүк жарандарга трансплантацияларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгү да каралып жатат, бул жогорку технологиялык операцияларды жасаган мекемелерди каржылоонун кошумча булагы болуп калышы мүмкүн",-деп айтылат маалыматта.