Жүргүнчүлөрдүн эсине! Бишкекте 3 автобустун кыймыл схемасы өзгөрөт

Коом 17 март 2025 13:08
2624987.9ecf8a9b962818fb1ae97b32eee36556.jpg
484507484_1080812524094601_8911310146986466782_n.jpg
Алдыга
Артка
2624987.9ecf8a9b962818fb1ae97b32eee36556.jpg
484507484_1080812524094601_8911310146986466782_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 17.03.25. /Кабар/. Бишкекте айрым автобустардын кыймыл схемалары өзгөрөт. Бул тууралуу муниципалитеттен кабарлашты.

Маалыматта белгиленгендей, борбор калаада Ч. Айтматов проспектисинин Семетей көчөсүнөн А. Масалиев көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылгандыгына байланыштуу №55, №56 жана №8 автобустун кыймыл схемалары өзгөртүлдү.

№55 автобусунун кыймыл багыты төмөнкүдөй өзгөртүлдү:

Д. Садырбаев көчөсү – А. Масалиев көчөсү – Тыналиев көчөсү – И. Ахунбаев көчөсү;

№8 автобустун кыймыл багыты:

И. Ахунбаев көчөсү – Тыналиев көчөсү – А. Масалиев көчөсү – Д. Садырбаев көчөсү;

Ал эми №56 автобусу А. Масалиев жана Д. Садырбаев көчөлөрү аркылуу жүрөт.

Мэрия шаар тургундарын жана айдоочуларды келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт. Жол тыгындарын болтурбоо үчүн алдын ала жол каттамын пландап, жеке унаанын ордуна коомдук транспортту пайдалануу сунушталат.