Бишкек, 10.11.26 /Кабар/. Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев жарандарды жеке кабыл алды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кабыл алууга келген тургундар негизинен коммуналдык кызматтардын иши, ипотекалык турак жай алуу, жер тилкелерин бөлүп берүү, ички жолдорду асфальттоо жана башка социалдык-тиричилик маселелери боюнча кайрылышкан.
Шаар башчысы ар бир тургундун кайрылуусун угуп, көтөрүлгөн маселелерди мыйзам чегинде чечүү боюнча мэриянын тиешелүү бөлүмдөрүнүн, муниципалдык ишканалардын жана аймактык башкармалыктардын жетекчилерине тапшырмаларды берди.
Мэрдин тапшырмаларынын өз убагында жана сапаттуу аткарылышы жеке көзөмөлүнө алынганы белгиленди.