Узак убакыт бою Кыргызстандын жол тармагы экономиканын алсыз тармактарынын бири катары тышкы насыяларга көз каранды болуп келген. Бирок акыркы жылдары жол куруу иштеринин көлөмү кыйла өстү, өлкө жылына жүздөгөн чакырым жолду оңдоодон миңдеген чакырымды камтыган масштабдуу иштерге өттү.
Акыркы жылдары Кыргызстандын транспорттук-жол тармагында аткарылган иштердин көлөмү кыйла өстү. Эгер 2022-жылы өлкөдө 488,6 чакырым жолго асфальт төшөлсө, 2025-жылы бул көрсөткүч 1,5 миң чакырымдан ашты. Ал эми 2026-жылдын сегиз айында эле 1 548 чакырым жолго асфальт төшөлдү.
Ошол эле учурда өлкөдө учурдагы жолдорду оңдоо менен катар жаңы жолдор, көпүрөлөр, тоннелдер жана айланма жолдор курулуп, жол техникалары жаңыланып, темир жол инфраструктурасы өнүктүрүлүүдө. Ошондой эле Кыргызстанды эл аралык транспорттук каттамдар менен байланыштырууга багытталган долбоорлор ишке ашырылууда.
Жылына 1,5 миң чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлүүдө
Жол куруунун масштабы өзгөргөнүн көрсөткөн негизги көрсөткүчтөрдүн бири – жыл сайын төшөлгөн асфальт-бетондун көлөмү. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, 2022-жылы 488,6 чакырым жолго асфальт-бетон төшөлүп, 14 көпүрө курулган. Ошондой эле 151,3 миң чарчы метр аянтта чуңкурларды оңдоо иштери жүргүзүлгөн.
Ошол жылы Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол жана Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду жолдорунда ири иштер уланган. Балыкчы – Кубакы ашуусу жана Кочкор – Эпкин тилкелеринде жалпы узундугу 70,1 чакырым болгон жолдорго асфальт-бетон төшөө толугу менен аяктаган.

Маанилүү объектилердин бири узундугу 3 890 метр болгон Көк-Арт ашуусундагы туннель болду. Ошондой эле Түп – Кеген жолу жана Талас – Тараз унаа жолундагы Үрмарал дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнү реконструкциялоо иштери уланган.
Баткен облусунда ошол мезгилде 70,4 чакырым жолго асфальт-бетон жана 95,5 чакырым жолго шагыл төшөлгөн.
2023-жылы унаа жолдорун куруу жана оңдоо боюнча аткарылган иштердин көлөмү 768,6 чакырымга жетти. Анын 673,8 чакырымына асфальт төшөлүп, 37,8 чакырымында оңдоо иштери жүргүзүлүп, 57 чакырымына шагыл төшөлгөн. Мурунку жылга салыштырмалуу жол оңдоо иштеринин көлөмү 95,7 чакырымга өскөн.

Мында жаңы жолдорду куруу менен гана чектелген эмес. Төө-Ашуу ашуусундагы К. Көлбаев атындагы туннелге 2,6 чакырым асфальт төшөлүп, жарыктандыруу толугу менен жаңыланган. Бишкек – Ош жолунун 246-чакырымында кар көчкүдөн коргоочу галереянын курулушу аяктаган. Бишкек – Кара-Балта жана Жалал-Абад – Маданият жолдору толугу менен бүткөрүлгөн.
2024-жылы аткарылган иштердин көлөмү 1 миң чакырымдан ашкан унаа жолун камтыды. Мындан тышкары, табигый кырсыктардан кийин 17 көпүрө курулуп, пайдаланууга берилди.
2025-жылы 1 миң чакырымдан ашык жолго асфальт төшөө иштери пландалган. Бирок иш жүзүндө асфальт-бетон төшөлгөн жолдордун көлөмү 1 545,7 чакырымды түзүп, ошол жылы 11 көпүрө да курулган.
Ири долбоорлордун катарында учурда курулушу уланып жаткан Барскоон – Бедел унаа жолу бар. Түп – Кеген жолунун 39-чакырымынан 76-чакырымына чейинки бөлүгү толугу менен курулуп бүттү. Ошондой эле Каркыра капчыгайындагы туристтик лагерге баруучу 13 чакырым жол, Чолпон-Ата аркылуу өтүүчү 8,2 чакырым тилке жана Ноокат районундагы Ош – Баткен – Раззаков жолунун 28 чакырымы курулду.

Мындан тышкары, Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа жолу толугу менен оңдолуп, Бишкек – Ош жолунун Суусамыр тилкесинде 82 чакырым жол курулду.
2026-жылдын сегиз айында дагы 1 548 чакырым жолго асфальт-бетон төшөлдү. Ошол эле учурда 117,8 миң чарчы метр жол жабуусу оңдолуп, көпүрөлөрдү оңдоо, жол белгилерин жана парапеттерди орнотуу иштери жүргүзүлүүдө.
Быйыл Транспорт министрлиги 14 инвестициялык долбоорду ишке ашырууда. Анын алкагында 79,4 чакырым унаа жолунун курулушу аяктады. Башка объектилерде жолдорду реконструкциялоо, реабилитациялоо жана капиталдык оңдоо, көпүрөлөрдү, туннелдерди жана суу өткөрүүчү курулмаларды куруу иштери уланууда.
Жолдор менен катар тармактын өзү да өзгөрүүдө
Жол куруу иштеринин көлөмүнүн өсүшү жол чарбасынын техникалык базасын жаңылоо менен коштолду. 2023-жылы республикалык бюджеттин эсебинен 247 даана жол куруучу техника жана 18 даана жол жабдуусу сатып алынган. Ошол эле жылы Жол фондунун каражатынан дагы 297 даана атайын техника сатылып алынган. 2024-жылы болсо 453 даана техника алынган.
Өзгөрүүлөр жол белгилерин чыгарууга да тиешелүү болду. Тиешелүү жабдуулар сатып алынгандан кийин жол белгилерин өз күчү менен чыгаруу уюштурулду. Натыйжада бир жол белгисинин баасы 5 миң сомдон 2,9 миң сомго чейин төмөндөгөн. Жалпысынан 10 миңден ашык жол белгиси даярдалган.

2023-жылы Талас, Манас, Кербен жана Казарман аэропортторунун учуп-конуу тилкелерин жана перрондорун асфальттоо иштери аяктаган.
Ошентип, жолдорду оңдоо менен катар аларды мындан ары тейлөө жана пайдалануу үчүн зарыл болгон инфраструктура да жаңыланууда.
Темир жол: эки стратегиялык багыт
Акыркы жылдардагы олуттуу өзгөрүүлөрдүн бири – темир жол инфраструктурасынын кеңейиши. 2022-жылдын 31-мартында жалпы узундугу 186 чакырымды түзгөн Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече темир жолун куруу башталган. Биринчи этапта узундугу 63,4 чакырым болгон Балыкчы – Кочкор тилкеси ишке киргизилген.

2022-2024-жылдары бул темир жолдун 35 чакырымы курулуп бүттү. 2026-жылы Балыкчы – Кочкор багытынын узундугу 63 чакырым болгон тилкеси толугу менен аяктап, пайдаланууга берилди. 25-июлда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда жаңы Кочкор станциясынын ачылыш аземи өттү.
Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 18-майындагы №343-т тескемеси менен Балыкчыдан Чолпон-Атага чейин темир жол куруу каралган.
Ал эми акыркы жылдардагы эң ири темир жол долбоору – Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу. 2024-жылдын июнь айында үч өлкө долбоорду ишке ашыруу боюнча кызматташуу тууралуу келишимге кол койгон. Ошол эле жылдын декабрь айында инвестициялык келишим түзүлүп, 27-декабрда курулушту баштоонун расмий аземи өткөн.
2025-жылы Кыргызстандын аймагынан өтүүчү темир жолдун бардык тилкелеринде масштабдуу курулуш иштери башталган. Кыргызстандын аймагындагы узундугу болжол менен 305 чакырым болгон темир жол Торугарт – Арпа – Кош-Дөбө – Макмал – Манас багыты боюнча өтөт.

Долбоор техникалык жактан татаал. Кыргызстандын аймагындагы темир жолдун болжол менен 40 пайызы туннелдерге жана көпүрөлөргө туура келет. Жалпысынан 29 туннель жана 50 көпүрө куруу каралган. Туннелдер жана көпүрөлөр аркылуу өтүүчү тилкелердин жалпы узундугу болжол менен 120 чакырымды түзөт.
2025-жылдын 29-апрелинде магистралдын негизги объектилерин, анын ичинде Фергана туннелин куруунун башталыш аземи өткөн. Учурда Нарын облусунун Ак-Талаа районунда, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жана Сузак райондорунда туннелдерди казуу иштери уланууда.

2026-жылдын сегиз айында темир жол аркылуу 6 836,6 миң тонна жүк ташылган. 2025-жылдын ушул эле мезгилинде бул көрсөткүч 6 416,6 миң тоннаны түзгөн.
Бишкек: жол оңдоо асфальт төшөөдөн ашып баратат
Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, 2020-2025-жылдары шаарда болжол менен 228 чакырым жол жаңыланган. 2026-жылдын 25-сентябрына карата дагы 80 чакырымдан ашык жолдо иштер аяктаган.
Жылдар боюнча аткарылган иштердин көлөмү төмөнкүдөй:
- 2020-жылы – 6,6 чакырым;
- 2021-жылы – 13,7 чакырым;
- 2022-жылы – 27,8 чакырым;
- 2023-жылы – 26,5 чакырым;
- 2024-жылы – 61,4 чакырым;
- 2025-жылы - 92 чакырымга жакын.

2025-жылы жалпы узундугу болжол менен 92 чакырым болгон 122 көчөдө оңдоо жана реконструкциялоо иштери аяктаган. 28 чакырымдан ашык тротуар жаңыланып, Шукуров, Ауэзов жана Жибек жолу көчөлөрүндө үч көпүрөнүн курулушу бүткөрүлгөн. Ошондой эле жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтмөгү курулган.
Анарбек Бакаев көчөсүндө темир жолдун алдынан кошумча өтмөк жол салынып, болжол менен 42 чакырым арык тармагы иретке келтирилген.

2026-жылы 173 көчө тилкесинде – анын ичинен 141 унаа жолунун жана 32 тротуардын тилкесинде иштер башталган. 25-сентябрга карата 98 тилкеде иштер аяктаган. Алардын 74ү жалпы узундугу 80 чакырымдан ашкан жол тилкеси, 24ү жалпы узундугу 13,5 чакырым болгон тротуар тилкелери.
Муну менен катар борбор калаада жаңы жолдор гана эмес, башка транспорттук объектилер да курулууда. Шабдан баатыр көчөсү (мурдагы Лев Толстой көчөсү) менен Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) кесилишиндеги транспорттук жол түйүнүн куруу уланууда. Ошондой эле Арстанбек Дүйшеев, Анарбек Бакаев жана Чокан Валиханов көчөлөрүндө үч көпүрө курулууда.
Жөө жүргүнчүлөр үчүн быйыл төрт жер алдындагы жана үч жер үстүндөгү өтмөк курулду. Дагы үч жер алдындагы өтмөк курулуп жатат. Бишкек – "Манас" эл аралык аэропорту жолунун 21 чакырымынын реконструкциясы аяктады. Мындан тышкары, узундугу 1,5 чакырым болгон жаңы тилке жана айланма жол курулду.

Чыгыш айланма жолун куруу жана Түндүк айланма жолун реконструкциялоо иштери уланууда. Батыш айланма жолуна байланыштуу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу келишимге кол коюлуп, долбоордук-изилдөө иштери жүргүзүлүүдө.
Ошентип, борбор калаанын жол инфраструктурасын өнүктүрүү акырындык менен жолдорду оңдоодон жаңы транспорттук байланыштарды түзүүгө, жол айрыктарын, көпүрөлөрдү, тротуарларды жана жөө жүргүнчүлөр үчүн өтмөктөрдү курууга багытталууда.
Жол куруу тармагындагы эксперт-аналитик Талант Садакбаев "Кабар" агенттигине билдиришкендей, азыркы учурда жол тармагын каржылоонун көлөмү мурдагы ыкмалардан кыйла айырмаланарын белгилейт.

"Ушул эки жылдын ичинде Кыргызстандын өз бюджетинен кыйла каражат бөлүндү. Союз тарагандан бери Кыргызстанда мындай болгон эмес. Борбор калаада да, анын сыртында да масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө. Кытай менен Бедел ашуусу аркылуу жол курулуп, эки туннель салынууда. Бул оң көрүнүш, анткени транспорт негизги артериянын милдетин аткарат. Ал экономикалык өнүгүүгө эбегейсиз чоң таасир берет", – деди эксперт.
Анын айтымында, транспорттук инфраструктуранын таасири түздөн-түз жол тармагы менен гана чектелбейт.
"Мунун баары экономикага мультипликативдик таасир берет. Жолдорго бөлүнүп, сарпталган каражат жолдун өзүнө гана кетип калбайт. Бул объектилерде адамдар иштейт. Каражат цемент жана курулуш материалдарын чыгарган заводдорго, бетон, шагыл, асфальт өндүргөн ишканаларга түшөт. Ал жерде да калк эмгектенет. Андан кийин өндүрүш, тамак-аш, коомдук тамактануу тармактары аркылуу бул каражаттар кайрадан экономикалык жүгүртүүгө кайтып келет. Ошондуктан бул процесс жалпы экономикага абдан жагымдуу таасирин тийгизет", – деп белгиледи Талант Садакбаев.

Ошондой эле ал жол жабуусунун сапаты жүк ташуулардын наркына жана ишканалардын ишине тийгизген таасирине өзгөчө көңүл бурду.
"Жолдордун сапаты канчалык жакшы болсо, карьер, завод же дүкөн болобу, бардык объектилер ошончолук натыйжалуу иштейт. Анткени каалаган продукциянын өздүк наркынын 30%га чейинки бөлүгүн транспорттук чыгымдар түзөт. Продукция автотранспорт менен ташылат, ал эми унааларга сапаттуу жолдор керек. Жол канчалык жакшы болсо, күйүүчү майга, тетиктерге жана дөңгөлөктөргө кеткен чыгым ошончолук аз болот. Мунун баары жыйынтыгында экономиканын башка тармактары үчүн синергиялык натыйжа берет", – деп белгиледи эксперт.
Садакбаев акыркы мезгилде жол куруунун көлөмүнүн көбөйүшүн мамлекеттик бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши менен да байланыштырды. Анын айтымында, буга чейин каражаттын кыйла бөлүгү социалдык муктаждыктарга багытталып, жол инфраструктурасы экинчи планга жылып келген. Мындан тышкары, көптөгөн долбоорлор эл аралык каржы институттарынын насыяларынын эсебинен ишке ашырылган.
"Азыр болсо жолдор өзүбүздүн мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулуп жатат. Ооба, учурда жол курууга өлкөнүн бюджетинен каражат бөлүнүүдө жана анын көлөмү кыйла көбөйдү. Анткени мамлекеттик бюджетибиз жана ички дүң продукциябыз (ИДП) олуттуу өстү. Экономика өсүштү көрсөтүп жатат. Мунун натыйжасында экономикалык байланыштар жана транзиттик мүмкүнчүлүктөр Кытай менен гана эмес,Россия, Өзбекстан жана башка багыттар менен да бекемделүүдө", – деди ал.

Ошол эле учурда эксперт курулуштун көлөмүн көбөйтүү менен катар логистикага жана буга чейин курулган инфраструктураны талаптагыдай күтүүгө да көңүл буруу зарыл деп эсептейт.
"Ушуга байланыштуу, жолдор курулуп жаткан шартта логистикага жана жол инфраструктурасын талаптагыдай күтүүгө өзгөчө көңүл буруу зарыл. Анткени азыр жол куруунун көлөмү өсүп, капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүп, жаңы трассалар курулууда. Түндүк – Түштүк альтернативдүү жолу салынып, буга чейин болбогон айланма жолдор жана көпүрөлөр курулуп жатат", – деди Талант Садакбаев.
Ошентип, акыркы жылдары Кыргызстандын транспорттук-жол тармагы бир нече багытта өнүгүп жатат. Аларга унаа жолдорун массалык түрдө оңдоо жана куруу, техникалык базаны жаңылоо, шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жана ири темир жол долбоорлорун ишке ашыруу кирет. Ошол эле учурда өлкөнүн ички аймактарын өз ара байланыштырууга жана транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган жаңы транспорттук инфраструктура калыптанууда.