Бишкек, 29.10.26. /Кабар/. Балыкчы – Чолпон-Ата темир жолун Ысык-Көлдүн жээгинен алысырак, тоо тарап менен өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Рыскулбек Жумабаев "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.
Анын айтымында, учурда адистер болочок темир жолдун багытын аныктоо иштерин жыйынтыктап жатышат. Маршрутту тандоодо турак үйлөрдүн, эс алуу жайларынын, инвестициялык участоктордун жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жайгашуусу эске алынууда.

"Темир жолду көлдүн жээгине, пляждар жана коруктук аймак жайгашкан жерлерге салбайбыз. Балыкчыдан Сары-Камыш айылынын үстү жагы менен, тоо тараптан өтөбүз. Ошондой эле Тамчыдагы аэропорттун жогору жагынан темир жол салабыз", - деди Жумабаев.