Жолдор тез-тез жабылат: Бишкекке 21 өлкөнүн башчысы келет

Коом Загрузка... 06 Июль 2026 20:14
a661e86c-61a5-4b7e-8b9c-ebc1b7c59ce5.jpeg

Бишкек, 06.07.26. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 30-31-август жана 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы болот. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, өлкөгө биринчи жолу бир учурда 21 мамлекеттин жетекчилери келишет, айрымдары биринчи айымдар менен. Бул кээ бир президенттердин Кыргызстанга мамлекеттик сапарлары пландалганына байланыштуу.

“Жолдордун тез-тез жабылып турушунан улам жарала турган ыңгайсыздыктарды алдын алуу максатында, Бишкек шаарынын тургундарына бул күндөрү Ысык-Көлгө же башка эс алуучу жайларга барып туруу сунушталат”, – деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Аскат Алагөзов мектеп окуучулары жана ЖОЖдордун студенттери үчүн окуу 15-сентябрдан башталарын, андыктан 1-сентябрга карата борбор калаага шашылуунун кереги жоктугун белгилеп, жарандарды эс алуу күндөрүн 15-сентябрга чейин азыртадан пландаштырууга чакырды.