Бишкек, 22.12.25. /Кабар/. Бүгүн саат 13:30га карата Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, аталган унаа жолдогу Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайларында күн бүркөк, бирок, каттам бар. Жол тейлөө иштери үзгүлтүксүз жүрүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Боом капчыгайында жолдор тайгалак болуп жатканы тууралуу маалыматтар тараган.
Ал эми "Каракол" тоо лыжа базасына барчу жол тазаланып, инерттик материалдарды чачуу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө. Жумуштар "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын № 11 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат.

Бишкек – Ош жолундагы Төө-Ашуу жана Ала-Белде каттам бар, оор жүк ташуучу унааларга чектөө жок.

Белгилей кетсек, аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап, жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө. Жол тейлөө ишканалары тарабынан атайын кезмет уюштурулуп, күнү-түнү кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары аткарылып жатат.
Транспорт министрлиги айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө жана жол эрежесин так сактоого чакырат.