Жол, оорукана жана транспорт. Токмок шаарына 2 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

Экономика Загрузка... 03 Октябрь 2025 12:05
WhatsApp Image 2025-10-03 at 11.12.02.jpeg
copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети

Бишкек, 02.10.25 /Кабар/. Токмокто жолдор, жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы корпусу курулат. Ошондой эле автобустар жана атайын техника сатып алынат. Бул тууралуу бүгүн Токмок мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө атайын техника жана кызматтык унаалардын тапшыруу учурунда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, бул долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Туруктуулук фондунан 2 млрд 55 млн 500 миң сом бөлүнүп берилүүдө. Бул каражаттар президенттин жарлыгы боюнча бөлүнөт.

Долбоорлор:

  1. Токмок шаарынын ички унаа жолдорун капиталдык оңдоо жана куруу. Каржылоонун көлөмү – 1 млрд 812 млн 900 миң сом;
  2. Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы корпусун куруу. Каржылоонун көлөмү – 134 млн 600 миң сом.
  3. Муниципалдык техниканы жана коомдук транспортту жаңылоо (анын ичинде 10 автобус жана атайын бургулоочу техниканын эки бирдигин сатып алуу. Каржылоонун көлөмү – 108 млн сом.

Белгиленгендей, бул каражаттар шаардын инфраструктуралык жана социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө олуттуу салым кошот жана калктын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган.