Жолдор өлкөнүн жүзү. Кыргызстандын жолдору быйыл кандай өзгөрдү?

Экономика Загрузка... 16 Декабрь 2025 18:14
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Жол - бул мамлекеттин жүзү десе болот. Ал социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүгүүнүн, аймактар аралык жана эл аралык байланыштардын негизги куралы болуп саналат. Быйылкы жылы өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон бир катар унаа жолдорун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Миңдеген чакырым жолдор жаңыдан салынды, оңдоп-түзөөдөн өттү. Алардын дээрлик 80%ы мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланды.

Кыргызстандын жалпы унаа жолдору

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдөгү унаа жолдорунун жалпы узундугу 34 миң чакырымды түзѳт.

Анын ичинен:

  • 3898,40 чакырым эл аралык маанидеги жол;
  • 6213,00 чакырым мамлекеттик маанидеги жол;
  • 8905,13 чакырым жергиликтүү маанидеги жол.

Министрлик дээрлик 19 миң чакырым жолду тейлейт. Ал эми 15 миң чакырым жол шаарлардын, айылдардын, айыл чарба, өнөр жай жана башка мекемелердин карамагында.

Жол тармагынын быйылкы жетишкендиктери

Быйылкы жылы министрлик унаа жолдорун, эл аралык коридорлорду оңдоого жана жол салуу жаатында рекорддук көрсөткүч жаратты.

Кытай өлкөсү менен түз байланышты түзгөн, улуттук маанидеги Барскоон — Бедел жолу курулду. Андан сырткары өлкө бюджетинин эсебинен Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол, Нарын — Баетов, Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка, Бишкек — Ош жолунун Суусамыр тилкеси, Сафаровка — Барпы сыяктуу ири жолдор салынууда. Ошондой эле алысты жакындаткан Түндүк — Түштүк альтернативдик унаа жолундагы кошумча 5 курулмада жумуштар кызуу жүрүүдө.

Инвестициялык долбоорлордун катарында Суусамыр — Талас — Тараз, Корумду — Балбай-баатыр, Барскоон — Каракол жана Бишкек — Ош жолундагы 748 метрди түзгɵн туннелдин курулушу бар.

Ошондой эле эчак жарактан чыккан Өзгөн — Мырзаке — Кара-Кулжа жолунун 33 чакырымы капиталдык оңдоодон өттү. Аны улай, көп жылдан бери улам кийинкиге жылдырылып келген Ош — Баткен — Раззаков жолу жасалды.

Бишкектин айланасындагы жолдорду кеңейтүү

Андан сырткары, борбор калаанын айланасында альтернативдүү каттамдарды көбөйтүү, жол тыгынын жөнгө салуу максатында эки тилкелүү, эски, тар жолдорду кеңейтүү пландары иш жүзүнө ашырылууда. Натыйжада, алты тилкелүү алгачкы трассанын курулушу кызуу жүрүп, эки деңгээлдүү жол түйүндөрү тургузулууда. Ошондой эле Лебединовка — ГЭС 5, Бишкек — Кант, Бишкек — Күнтуу — Шопоков унаа жолдору реконструкциядан өтүүдө.

Туристтик жайларга алып баруучу жолдор

Туруктуу туризмдин өнүгүшүнө, регионалдык каттамдарды жакшыртууга түрткү берген Түп —Кеген жолу ачылды. Чолпон-Ата шаарынын борбордук көчөсү кыска мөөнөттө жаңыланып, пайдаланууга берилди. Каркыра — Турук — Сары-Жаз жолу аркылуу Чар - Кудук жайлоосуна барган жол, “Каракол” тоо лыжа базасына, Арстанбап жаңгак токоюна, Сары-Челек көлүнө жана Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттардын жолдору оңдолду. Учурда Арашан — Чуңкурчак, Жыргалаң, “Ала-Тоо резорт” лыжа базасына жана Кырчын жайлоосуна барчу жолдор жасалууда.

План ашыгы менен аткарылды

Мамлекеттик жалпы пайдалануудагы унаа жолдорун өнүктүрүү иштери Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаменти тарабынан жүргүзүлөт. Ал эми жолдорду тейлөө, оңдоп-түзөө жана алардын абалын көзөмөлдөө милдети 57 жол тейлөө ишканасына (ДЭП) жүктөлгөн.

Министрликке караштуу Автомобиль жолдору башкармалыгынын башчысы Асылбек Чойбековдун маалыматына ылайык, быйылкы жылга миң чакырымдан ашуун унаа жолун куруу жана оңдоо планы коюлган. Учурда бул көрсөткүч ашыгы менен аткарылып, 1500 чакырымдан ашуун жолдо иштер бүткөрүлдү. Анын 80 пайызы мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланса, 133 чакырым жол инвесторлордун каражаты менен салынган.

“Бул толук бүткөрүлгөн иштер. Жалпы суммасы дээрлик 44 миллиард сомду түзөт. Министрликтин жылдык бюджети 50 миллиард сомдон ашат. Мындан тышкары, 3—5 жылга эсептелген ири инфраструктуралык долбоорлор бар. Алардын айрымдары мурдагы жылдары же былтыр башталып, учурда улантылууда. Алардын катарына Бишкек түндүк айланма жолу, Ысык-Көлдү айланып өткөн унаа жолу жана Каракол — Эңилчек унаа жолу кирет.

Аба ырайынын шарттарына байланыштуу асфальт төшөө иштери убактылуу токтоп турган учурларда да көпүрө куруу, суу өткөргүч түтүктөрдү орнотуу сыяктуу башка жер иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө”,-деди ал.