Жолдор ачык, каттам бар – 09:30га карата ашуулардагы абал

Аймак Загрузка... 07 Февраль 2026 09:53
WhatsApp_Image_2025_wN78hSD.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 07.02.26. /Кабар/. Бүгүн саат 09:30га карата бардык унаа жолдордо жана ашууларда каттам үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Алсак, Бишкек – Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда күн бүркөк, кар майдалап жаап жатат, унаа жолдо каттам бар.

Ошондой эле Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолундагы Сөөк ашуусунда жана Каракол – Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда, Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы Долон, Чар, Ак-Бейит, Кубакы ашуулары жана Боом капчыгайында, Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда күн бүркөк, жолдо каттам бар.

Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан бардык унаа жолдордо жана ашууларда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер күн сайын, күнү-түнү жүргүзүлүүдө. Жол кырдаалы туруктуу көзөмөлдө турат.

"Кышкы жол шарттарын эске алып, унааңызды кышка ылайык даярдап, кышкы дөңгөлөктөрдү колдонуп, керектүү шаймандарды ала жүрүүнү жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоону өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.