Бишкек 23.07.25 /Кабар/. Жол тескөөчүлөрү тарабынан жарым жылда 183 кылмыштын бети ачылган, - деп билдирди Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу "Кабарга" берген маегинде.
Анын айтымында, башкармалык үч багытта, тактап айтканда, коомдук коопсуздук, жол кыймылынын коопсуздугу жана жарандардын 102 номерине түшкөн чакырууларын тейлөө боюнча кызмат алып барат.
"Көп багытуу иштер жасалып жаткандыктан, ошондой туристтик сезонго байланыштуу Бишкектеги кызматкерлер мезгил-мезгили менен Ысык-Көл облусуна жөнөтүлүп жаткандыктан, жетишпей калган учурлар кездешет. Мындай учурларда оңдолуп жаткан жолдордо тыгын жаралса, Бишкек шаарынын тургундарынан жол тескөөчүлөр көзөмөл кылбай жатат деген арыздануулар түшүп калат", - деди ал.
Байказы Айтикул уулу белгилегендей, жарым жылдын ичинде шаардык милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан адам уурдоо, өлтүрүү, каракчылык, тоноо, бейбаштык, зордук, баңгизат, бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү, бийлик өкүлдөрүнө баш бербөө сыяктуу оор кесепеттер менен коштолгон 183 кылмыштын бети ачылган.