Акыркы жылдары өлкөдө жол-транспорт тармагы тездик менен өнүгүп, бир катар ири долбоорлор ишке ашырылууда. Анын алкагында техникалык база жаңыланып, жүздөгөн заманбап унаалар жана жабдуулар сатып алынды. Бул өзгөрүүлөр жол куруу жана оңдоо иштеринин сапатын жогорулатып, тармактагы иштин ыкчамдыгын арттырды. Натыйжада жасалган жолдордун саны өсүп, бюджетке түшкөн кирешелер көбөйүп, муну менен бирге эл аралык жана ички транспорттук байланыштар кеңейди.

Жол-транспорт тармагында акыркы жылдары президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен алынган техникалардын саны артып, аймактарга бөлүнүп берилүүдө. Атап айтканда, техникалык базанын толукталышы жол куруу жана оңдоо иштеринин сапатын жогорулатууга, жумуштардын ыкчам жана үзгүлтүксүз жүрүшүнө шарт түзүп, тармактын өнүгүшүндө бир катар олуттуу ийгиликтерге жетишүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө.
Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Жол чарба департаментинин Пландаштыруу, даярдоо жана иштерди кабыл алуу бөлүмүнүн башчысы Асылбек Ынтымак уулу "Кабар" агенттигине билдиргендей, соңку жылдары бул тармакта бир катар жаңылануулар орун алган.

“Техникалык базаны жаңылоо менен катар жолчулардын жумушун жеңилдетүү максатында 2024-жылы бюджеттин эсебинен 453 атайын техника сатып алынган. Аларга самосвалдар, автогрейдерлер, битум ташыган транспорт каражаттары, бульдозерлер, автобетон аралаштыргычтар, экскаватор жана башкалар кирет.
Кошумчалай кетсек, өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан бери өлкө башчысынын демилгеси менен биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен 2022-2023-жылдар аралыгында жалпысынан 297 даана техника алынган.
Мындан тышкары, 2025-2026-жылдары япониялык JICA агенттигинин колдоосу менен 48 даана, Кытай мамлекетинин гранттык колдоосунун алкагында 144 даана, Дүйнөлүк банктын колдоосу менен 69 даана, Корея өнүктүрүү фондунун эсебинен 223 даана техниканы жана жабдыктарды алуу күтүлүүдө. Жыйынтыктап айтканда, 2023-2026-жылдар аралыгында министрликтин техникалык базасы 1234 даана жаңы техника жана жабдыктар менен толукталат”,-деп билдирди ал.

Ошондой эле, министрликтин билдирүүсүнө ылайык, быйылкы жылы транспорт тармагында да бир катар маанилүү иштер аткарылып, казынага түшкөн каражаттын көлөмү кыйла көбөйгөн.
2025-жылдын 9 айында лицензия берүүдөн, административдик айыптан, уруксат берүү кагаздарынан, салмак өлчөмдөрүн таразалоодон жана бөлүнбөгөн жүктөрдү ташуу үчүн атайын уруксат жана зыяндын ордун толтуруудан 861 млн 192 миң сом түшкөн. Ал эми былтыркы көрсөткүч 202 млн 219 миң сомду түзгөн.
Андан сырткары, быйылкыга карата чет мамлекеттер менен соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү максатында 41 мамлекеттен 188 миң 75 даана уруксат кагаздары алынган.
Коррупциялык элементтерди жоюу максатында уруксат кагаздарын берүү толугу менен санариптештирилип, адам факторунун кийлигишүүсү жок кылынган.

Белгилей кетсек, транспорттон сырткары, мамлекеттик бюджеттин колдоосу менен стратегиялык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдорду оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Атап айтканда быйылкы жылы асфальт төшөлгөн жана жаңы салынган жолдордун жалпы узундугу 1200 чакырымды түздү. Ал эми бул жолдор эл аралык транзитти камсыздап, товар ташууга шарт түзүп, ошондой эле экономикалык өсүшкө, калктын кыймылын жеңилдетүүгө жана туризмди өнүктүрүүгө чоң салымын кошору чын.
Бул көрсөткүч жылдан жылга жогорулап келүүдө. 2021-жылы өлкө аймагында 175, 2022-жылы 488, ал эми 2023-жылы 673, 2024-жылы 802 чакырым жолго асфальт төшөлүп жана жаңы салынганы буга далил.