Бүгүнкү күндө өлкө аймагында бир катар жолдордо курулуш иштери жүрүүдө. Жолдордун салынышы, оңдоп-түзөө иштеринин жүргүзүлүшү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого жана жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталат. Бул ирет жолчулар тарабынан аткарылып жаткан жумуштарды тизмектейбиз.
“Кабар” агенттигине Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдашкандай, учурда Бишкек шаарынын түндүк айланма жолун реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө. 6 тилкелүү трассанын курулушун колго алган подряддык компания тарабынан жолду кеңейтүү, түркүктөрдү жана суу түтүктөрүн орнотуу, жер иштери жасалууда.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын түндүк айланма жолунун жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзөт. Быйыл анын 15 чакырымына асфальт төшөө пландалууда. 2025-жылы Алматы-Бишкек-Ташкент жолунун 6 чакырымы жана Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 9,1 чакырымы реконструкцияланат. Жолдун аталган тилкесинде (15 чакырым аралыгында) эки деңгээлдүү 4 жол түйүнүн куруу каралган.

Лебединовка – ГЭС-5 жолунда азыр жер иштери, түтүктөрдү орнотуу, эски асфальтты сыйруу жумуштары аткарылууда. Лебединовка-ГЭС-5 унаа жолунун жалпы узундугу 5,1 чакырымды түзөт. Реконструкция иштеринин алкагында жолдун категориясы өзгөрүп, 2 тилкеден 4 тилкелүү болуп кеңеет. Ошондой эле долбоордо тротуар куруу, жарыктандыруу жана учурдагы чоң көпүрөнү кеңейтүү менен жөө жүргүнчүлөр үчүн көпүрө куруу каралган.

Мындан тышкары, негизги жолго катар Биримдик-Кут конушуна кирүүчү дагы эки тилкелүү кошумча жол салынат. Ал эми кыйылган дарактардын ордуна 20%га кɵп бак-дарактар отургузулат. Жолдун негизи курулушу быйыл аякташы мерчемделүүдө.
Бишкек – Кант жолунда (Лебединовкадан Новопокровкага чейинки бөлүгү) асфальт төшөө иштерин утурлай даярдоо жумуштары жүрүп жатат. Ошондой эле жол жумуштары Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол, Балыкчы – Чолпон-Ата – Каракол, Нарын – Баетов, Ош – Баткен – Раззаков, Суусамыр – Талас – Тараз жолдорунда да жасалууда.

Мындан тышкары, түндүк айланма жолу менен Бишкек-Кантты байланыштырган унаа жолго асфальт төшөлүүдө. Жумуштар "Кыргызавтожол-Түндүк" мамлекеттик ишканасынын №1 Жол куруу башкармалыгы тарабынан аткарылып жатат. Жалпы узундугу 8 чакырымды түзгөн бул жолго 7 сантиметр калыңдыктагы асфальт катмары төшөлүп, анын астына торлор коюлууда. Белгилей кетсек, бул жумуштар борбор калаанын айланасындагы альтернативдүү маршруттарды жакшыртууга, тыгындарды азайтууга, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүүгө жана жалпы жол инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.
Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа жолунда асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Жалпы узундугу 34 чакырымды түзгөн бул жолдун капиталдык оңдоо иштери этап-этабы менен жүргүзүлүүдө. Жалал-Абад – Бегабад – Бажы жолунун 6 чакырымы асфальтталат. Ушу тапта жер иштери жүрүүдө.

№52 Жол тейлөө мекемеси тарабынан Сузак – Каду жолунун 30-чакырымынан 35-чакырымына чейинки бөлүгүндө асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Союз мезгилинен бери оңдоодон өтпөгөн жолдун туурасы кеңейтилди.
"Кыргызавтожол-Түштүк" мамлекеттик ишканасына караштуу №46 жол тейлөө мекемеси тарабынан Таш-Дөбө – Халмион багытындагы автожолдун 3 чакырым аралыгында оңдоо иштери толугу менен бүткөрүлдү. Жол катмары калыбына келтирилип, шагыл төгүү жана асфальт төшөө иштери аткарылды.

Алдыда Жалал-Абад – Казарман автоунаа жолунун 5 чакырым аралыгы кеңейтилип, асфальт төшөлөт. Учурда аталган жолдо тазалоо жана жер иштери жүргүзүлүүдө. Жалпы узундугу 98 чакырым болгон бул жолдун 3-чакырымынан 8-чакырымына чейинки бөлүгү капиталдык ремонттон өтүп, эки тилкелүү жол төрт тилкелүү болуп, асфальтталат. Мындан тышкары, жол жээгине арыктар жана тротуар курулат.
Ош – Араван автожолунун 10 чакырымдык бөлүгү асфальтталат. Учурда аталган жолдун 500-чакырымында жер иштери уланууда. Аталган жол союз мезгилинен бери ири оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасынан белгилешкендей, бул ирет жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштери жолдун сапатын жана транспорттук багытты жакшыртат.

Талас районундагы Чат-Базар-Арал-Талды-Булак унаа жолуна асфальт төшөлүүдө. Жумуштар № 36 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат. Быйыл бул жолдун 12-14-чакырым аралыгын асфальттоо пландалган.
Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Жаңы-Базар – Кировка жолунун курулушу жүрүүдө. Узундугу 100 чакырымды түзгөн бул жол Ала-Бука айылынан башталып, Чаткал районунун Кызыл-Токой, Терек-Сай айылдарын аралап өтүп, “Чапчыма” ашуусу аркылуу Курулуш айылына жакын “Терс” участкасына чейин уланат. Долбоорго ылайык, 9 көпүрө, 22 селкана да кошо салынат. Бүгүнкү күнгө чейин 48 чакырымына асфальт төшөлдү, калган бөлүгү жыл аягына чейин бүткөрүлөрү пландалууда.

Жолчулар тарабынан жасалып жаткан курулуш иштери бекитилген мөөнөттө жана сапаттык талаптарга ылайык бүткөрүлөрү айтылды.