Жол оңдоо: Токтогулда беш жылда 39 чакырым жол асфальтталды

Аймак
Жол оңдоо: Токтогулда беш жылда 39 чакырым жол асфальтталды
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 24.10.26 /Кабар/. Акыркы беш жылда Токтогул районунда жол инфраструктурасын жакшыртуу багытында бир топ иштер жасалып, жалпысынан 39 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Токтогул районунун активи жана тургундары менен болгон жолугушууда билдирди.

Мамлекет башчысы жол куруу жана оңдоо иштери быйыл да уланып жатканын белгиледи.

Айрыкча, аймактагы маанилүү транспорттук багыттардын бири — узундугу 55 чакырымды түзгөн Токтогул — Беш-Таш унаа жолун реконструкциялоо иштери улантылууда. Аталган жолду толугу менен бүткөрүп, келерки жылы пайдаланууга берүү пландалууда.