Бишкек, 15.07.26 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы жол куруу жана капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.
Мэриянын маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө мэр Иманалиев көчөсүндө жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштерин көрүп чыкты. Учурда бул тилкеде суу түтүктөрү алмаштырылууда. Андан кийин жаңы жол катмары төшөлүп, эки тарабына тең заманбап тротуарлар курулат.
Мындан тышкары, шаар башчысы Чыгыш айланма жолунун курулушун жана Саманчин көчөсүн Байтик Баатыр көчөсүнө чейин узартуу долбоорунун аткарылышын текшерди.
Мэр жооптуу кызматтарга жана подряддык уюмдарга курулуш иштеринин темпин күчөтүүнү, долбоорлорду бекитилген графикке ылайык өз убагында жана сапаттуу бүтүрүүнү, ошондой эле шаар тургундары үчүн жаралган ыңгайсыздыктарды мүмкүн болушунча азайтууну тапшырды.