Бишкек, 16.04.25. /Кабар/. Бишкек шаарында Курманжан датка көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштерине жабылат.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 20-апрелден тартып аталган көчөнүн Чүй проспектисинен Салиева көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери менен жол катмарын реабилитациялоо башталат.
Буга байланыштуу төмөнкү автобус каттамдарынын схемалары убактылуу өзгөртүлөт:
- №34 автобус каттамы төмөнкү маршрут боюнча жүрөт: Курманжан датка көчөсү — Жибек-Жолу проспектиси — Ибраимов көчөсү — Чүй проспектиси;
- №35, №45 жана №254 автобус каттамдары: Жибек-Жолу проспектиси — Лермонтов көчөсү — Чүй проспектиси боюнча жүрөт;
-169 автобус каттамы Фрунзе — Гоголь — Чүй проспектилери боюнча багытталат;
- №51 автобус каттамы Курманжан датка — Салиева — Гоголь — Чүй көчөлөрү боюнча жүрөт;
- №8Т, №48, №100 жана №101 автобус каттамдары Курманжан датка — У. Салиева — Сүйүмбаев көчөсү — Чүй проспектиси боюнча жүрөт;
- №104 жана №146 автобус каттамдары Фрунзе көчөсү— Сүйүмбаев көчөсү — Чүй проспектиси боюнча багытталат;
- №175 автобус каттамы Жибек-Жолу проспектиси — Суюмбаев көчөсү — Чүй проспектиси боюнча жүрөт.